"Эркин-Тоо"

Дүйшөнбек КАМЧЫБЕКОВ: “Кумтөрдү кыргыздын эле мыкты жигиттери иштетип жатат”

Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек КАМЧЫБЕКОВ

— Дүйшөнбек агай, Кумтөр мамлекетке өткөнүнө бир топ болду. Кумтөрдөгү бүгүнкү адистер, кадрлар ойдогудай иш алып барып жатабы? Дасыккан адис катары сиз бул маселеге кандай пикирдесиз?

— Өткөн жылы Кумтөрдөгү борбордук карьердин 20-участогунда чоң жарака пайда болгон. Ошол учурда иштеп жаткан адамдарга, техникаларга коркунуч туулуп, жумуш процесси токтоп кала турган абал жаралган. Эгер иш убактылуу токтоп кала турган болсо, анда биз былтыркы жылдын эсебинен алына турган алтынды ала албай калмакпыз. Бирок ошол жакта иштеп жаткан биздин кыргыздын адистери, Рудниктин директору болгон Кубаныч деген жигит, анын орун басары Тынчтык, Темирбек, Манас, Саламатка окшогон мыкты адистер жакшы чечим кабыл алышып, үстүн токтотуп, алдынан алтынды алып, планды толугу менен аткарып беришти. Эгерде Центерранын убагы болгондо Кумтөрдүн иши токтоп калмак эле. Биздин инженерлердин туура чечим кабыл алганына байланыштуу Кумтөрдөн 17 тоннадан кем эмес алтын алышты. Эгерде мындай туура чечим болбосо, 10 тоннага да жетпеген алтын алаарыбыз маалым эле. Ошол мезгилде дүйнө коомчулугунун алдында дагы Кыргызстан кенди өз карамагына алып, иштете албай калды деген сөзгө калмакпыз. Мен ошол көрүнүштөн кийин ошол учурдагы Кумтөр жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүккө эки ирет кезиккенимде, мыкты адистердин эмгегин баалаш керек деген пикиримди айткам. Тилекке каршы ал адам өзү да кызматтан кетип калды. Бүгүнкү күндө деле мыкты адистерибиз бар, алар мындан ары да иштерин ийгиликтүү алып кетет десем жаңылышпайм.

Чоң суммадагы акча алган эл аралык менеджерлер мурда деле кеңседен чыкпай отурушкан. Ал эми Кумтөрдүн жабдыктарын майда-барат иштерине чейин жүргүзгөн ошол эле биздин кыргыздын жигиттери экенин баса белгилеп айткым келет. Бизде толугу менен такшалган адистер бар. Мурда чет элдиктер болсо, бүгүн толугу менен кыргыздын такшалган адистери иштешет.

Жакшылык КУДАЙБЕРДИЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!