"Эркин-Тоо"

КР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН

Данияр Эдилбекович Исраиловдун жана Ашыркул уулу Кенжебектин кайрылууларына байланыштуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3- пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча

 

2023-жылдын 26-апрели                                                                                                                Бишкек шаары

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Г.А. Оморканованын,

кайрылуучу тарап – Данияр Эдилбекович Исраиловдун ишеним кат боюнча өкүлү Тилек Алмазбекович Алмазбековдун, Ашыркул уулу Кенжебектин;

жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун;

үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишеним кат боюнча ѳкүлү Аман Аянович Койшыбаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун ишеним кат боюнча ѳкүлү Динмухамет Кенешбаевич Кенешбаевдин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ишеним кат боюнча ѳкүлдөрү Бактыгуль Сыртбаевна Усеналиеванын жана Султан Бакасовдун;

котормочу – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын улук консультанты Айдар Сүйүндүкович Олжобаевдин катышуусунда,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3пунктунун, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.

Д.Э. Исраиловдун жана К. Ашыркул уулунун өтүнүчтѳрү бул ишти кароого себеп болду.

Бул ишти кароого талашылып жаткан ченемдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде табылган аныксыздык негиз болду.

Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп, жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

ТАПТЫ:

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Д.Э. Исраиловдун “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерип берүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.

Арыз ээсинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченем тиешелүү райондо туулган адамдарга акимдин кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынышы менен Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдүү болушу керек деген принципке каршы келген чектөө киргизилген.

Д.Э. Исраилов Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык басмырлоого тыюу салуунун конституциялык кепилдиктери мамлекеттик жарандык кызматка карата да колдонула тургандыгын белгилейт. Ал эми мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат кызматка кирүүдө ар кандай абалга карабастан жарандарга бирдей жеткиликтүүлүк принцибине аракеттенет (“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пункту).

Бирок, талашылып жаткан ченем аталган конституциялык тыюуну бузуу менен тиешелүү райондо туулган адамдарды башка райондо туулган адамдарга салыштырмалуу бирдей эмес абалга коет, анткени акыркылар тиешелүү райондун акими кызмат ордуна ошол райондо туулбагандыгынын негизинде гана талапкер боло алышат.

Арыз ээсинин пикири боюнча, адамдын туулган жери аны мамлекеттик кызматка кирүүсүнө бөгөт койбошу керек, себеби эмгек чөйрөсүндө басмырлоого тыюу салуу жарандардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү да билдирет.

Д.Э. Исраилов өзүнүн жүйөлөрүн негиздөө иретинде эл аралык келишимдердин, тактап айтканда Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын, Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Конвенциясынын басмырлоонун кандайдыр бир түрлөрүн алып салууга багытталган жоболоруна шилтеме жасаган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, кайрылуу субъектиси талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.

2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Ашыркул уулу Кенжебектин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 53-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.

Арыздануучунун айтымында, талашылып жаткан ченемдерди киргизүү менен мыйзам чыгаруу органы жарандардын киндик каны тамган жерге барып кызмат кылуу укугун чектеген. Мисалы, Ашыркул уулу Кенжебек, Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Адыр айылында туулган адам катары аталган айыл өкмөттүн башчысынын кызмат ордун ээлей албайт.

Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдер Конституция менен кепилденген жергиликтүү өз алдынча башкаруу принцибине каршы келет жана жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү укугун бузат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 5-октябрындагы аныктамасы менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3пунктунун, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 24- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өтүнүчү ѳндүрүшкѳ кабыл алынган.

Д.Э. Исраиловдун жана К. Ашыркул уулунун талаптары өзүнүн мазмуну боюнча окшоштугуна байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык судья-баяндамачынын 2022-жылдын 5-октябрындагы аныктамасы менен аталган иштер бир өндүрүшкө бириктирилген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыздануучулардын жүйөлөрү менен макул эмес жана талашылып жаткан ченемдер кийинкидей негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.

С.К. Ысыранов мамлекеттик кызмат негизги конституциялык институттардын жана мамлекеттүүлүктүн фундаменталдык элементтеринин бири болуп саналат деп белгилейт. Мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүгүнөн улам ал эмгек ишмердигинин башка чөйрөлөрүнө салыштырмалуу мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө үчүн өзгөчө талаптарды жана чектөөлөрдү орнотот.

Акимдин кызмат ордуна кабыл алуунун атайын эрежелерин белгилөө жана жарандардын мамлекеттик кызматка кирүү укугун чектөө менен, мыйзам чыгаруучу конституциялык жактан корголуучу баалуулуктардын, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун табууга, адилеттүүлүк, теңчилик жана пропорционалдуулук принциптерин сактоого, Конституция менен гана бекитилген зарыл жана катуу шартталган чараларды колдонууга милдеттүү.

Демек, мындай чектөөлөр кызыкчылыктардын кагылышуусун жоюуга, ошондой эле талашылып жаткан ченемдерде көрсөтүлгөн кызмат адамдары тарабынан өз ыйгарым укуктарын объективдүү жана калыс жүзөгө ашыруусуна багытталган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Ысыранов С.К. талашылып жаткан ченемдер тиешелүү райондун аймагында жашаган жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган деп эсептеп, кайрылуучулардын ѳтүнүчтөрүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченемдерде аким, мэр, айыл өкмөт башчысы кызмат орундарын ээлөөгө мажбурлоо жана аймактар аралык белгилер боюнча басмырлоо талаптары каралган эмес, болгону өзү туулган жерде аталган кызматтарды аркалоого чектөөлөр киргизилгенин белгилейт.

Бул талаптар ишенип берилген аймакты туруктуу өнүктүрүүнү, коомдук тартипти, адамдардын укуктарын бирдей камсыз кылуу, саясий кызмат орундарын ээлеген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жана кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу максатында кабыл алынган.

А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченемдер жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдөгү тең укуктуулук принцибин чектебейт жана Конституцияга ылайык келет деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлү Д.К. Кенешбаев талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептеп, Конституциянын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ, ошондуктан, укуктук мамилелердин бул чөйрөсүн жөнгө салууда талапкерлерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр мыйзам менен аныкталаарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишеним кат боюнча өкүлү А.А. Койшыбаев талашылып жаткан ченемдер коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жок кылуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин ѳкүлү Б.С. Усеналиева талашылып жаткан ченемдер боюнча жоопкер-тараптын өкүлү сыяктуу эле позицияны карманып, кошумча кийинкилерди билдирди.

Мыйзам чыгаруучулардын көз карашы боюнча ким кайсы аймакта төрөлсө, ошол аймакта ар кандай түрдөгү карым-катыштары көбүрөөк болуп, кызмат абалынан пайдаланып, коррупциялык көрүнүштөргө баруусун шарттайт. Ошол эле учурда, Б.С. Усеналиева талашылып жаткан ченемдер өзгөчө чек ара тилкелеринде, жетүүгө татаал жана тоолуу аймактарда кадр көйгөйүн жаратып жатканын да кошумчалады.

Ушул эле мамлекеттик агенттиктин экинчи ѳкүлү С. Бакасов Б.С. Усеналиеванын жүйөлөрүн колдоду.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.

  1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат.

Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту, 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту саналат:

“9-берене. Акимдин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр 2. Төмөнкүдөй адам аким боло албайт:

3) тиешелүү райондо туулган; 46-берене. Шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

  1. Төмөнкүдөй адам мэр боло албайт:

3) тиешелүү шаарда туулган;

52-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар 3. Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:

3) тиешелүү айыл аймагында туулган;”. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана “Эркин Тоо” гезитинин 2021-жылдын 22-октябрындагы №109 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.

  1. Конституциялык сот өзүнүн ар бир чечиминде адамдын эч нерседен көз карандысыз баалуулугун мамлекеттик бийликтин институттары тарабынан экзистенциалдык жактан түшүнүүсү жана адамдын субъективдүү укуктарын ишке ашыруу мамлекеттин биринчи кезектеги милдети катары каралуусу керектигин белгилейт.

Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин милдеттүү түрдө сактоонун пайдубалдуу негиздеринин бири болуп басмырланбоо жана мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптер  саналат (Конституциянын 24-беренесинин 1, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы). Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 8-апрелиндеги, 2017-жылдын 22-февралындагы, 2018-жылдын 14-февралындагы жана 2018-жылдын 17-октябрындагы өзүнүн чечимдеринде бардык адамдардын мыйзам алдындагы теңчилик конституциялык принциби биринчи кезекте мыйзамда жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, жаш курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалына карабастан, ошондой эле адамдын жана жарандын анын коомдук жана жеке жашоосунун ар кандай тармактарындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрүн бузууга алып баруучу кандайдыр бир айырмачылык, өзгөчөлүк же артыкчылык берүүнү орнотууга жол берүүгө болбостугун камтыган кодулоого каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүлүшү керек деп бир нече жолу белгилеген.

Конституция бирдейлик жана басмырлабоо принцибин өнүктүрүү менен Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин да орноткон (37-берененин 3-бөлүгү).

Бул конституциялык жобо Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 7, 23-беренелерине, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 25-беренесинин «с» пунтуна шайкеш келет, аларга ылайык  ар бир жаран эч кандай басмырлоосуз жана негизсиз чектөөлөрсүз, өз өлкөсүндө мамлекеттик кызматка  жалпы бирдей шарттарда кирүүгө укугу жана мүмкүнчүлүгү болуш керек.

Жогоруда белгиленген конституциялык принциптерди сактоо аныктоочу болуп саналат жана адамдын жашоосунун бардык чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде адамдын эмгектик мамилелерин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы укуктук мамилелерди жөнгө салууда милдеттүү мүнөзгө ээ.

  1. Кыргыз Республикасы Конституцияга ылайык либералдык коомду куруунун жактоочусу болуу менен ар бир адамга эмгек эркиндигине болгон укугун кепилдейт (Конституциянын 1, 42-беренелери).

Эмгек адамдын ажырагыс байгерлиги болуу менен анын эркин өнүгүүсүнүн жана өзү жана үй-бүлөсү үчүн татыктуу турмуш деңгээлине жетишүүнүн негизинде турат. Ар бир адамда эмгек ишмердигинин тигил же бул түрүн тандап алууга анык укук жаралышы үчүн мамлекет алгач укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка жагымдуу шарттарды түзүүгө милдеттүү.

Эмгек эркиндигине болгон конституциялык укуктун мазмуну Кыргыз Республикасынын укук тутумунун ажырагыс бөлүгү болгон эл аралык актыларга толугу менен макулдашат (Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгү).

Алсак, 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын, 1966-жылдагы Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 6-беренесинин жоболору Пактыга катышкан мамлекеттер ар бир адамдын өзү макул болгон же өзү эркин тандап алган жумуш менен жашоосуна каражат табуу мүмкүнчүлүгүн камтыган эмгекке болгон укукту тааныйт жана бул укукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт, ар бир адам эмгекке, жумушту эркин тандоого, адилеттүү жана жагымдуу шарттарга жана жумушсуздуктан корголууга укуктуу деп белгилейт.

Эл аралык актылар эмгекке болгон укукту жарыялоо менен бул укукту мамлекеттин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө, калктын толук жумуш менен камсыз болушуна жетишүүгө багытталган мамлекеттик саясатты жүргүзүү аркылуу жарандарга бул укукту ишке ашырууга көмөк көрсөтүү милдети менен байланыштырат жана мамлекеттин социалдык максаты катары каралат.

Ошентип, эмгек эркиндигине болгон укук мамлекеттин демократиялык маңызын алдын ала аныктайт, мында коомдун социалдык-экономикалык турмушун укуктук жөнгө салууда инсандын экономикалык эркиндиги баалуу багыттама катары чыгат, ал эми мамлекет жарандардын эмгекке болгон укугун толук ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт, аны менен кесипти жана эмгек ишмердигинин түрүн тандоодо бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт, бул, албетте, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дагы таандык.

Бирок, ар биринин өзүнүн эмгекке болгон мүмкүнчүлүктөрүн эркин пайдалануу, ишмердүүлүк түрүн жана кесипти тандоо укугу мамлекеттин жаранды конкреттүү бир кызмат менен камсыздоого милдеттендирбейт жана мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы тигил же бул кызматтарды ээлөөннүн атайын тартибин мыйзамда бекитүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Ушундай укуктук позицияны Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2014-жылдын 30-апрелиндеги, 2015-жылдын 18-февралындагы жана 2018-жылдын 19-сентябрындагы өзүнүн чечимдеринде белгилеген.

Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөргө жана эмгек эркиндигине болгон укук адамдын жана жарандын башка укуктары менен эркиндиктери сыяктуу эле улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адепахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Мындай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн (23-берененин 2-бөлүгү). Бул адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдарды мыйзам чыгаруучу тарабынан кабыл алууга тыюу салган конституциялык жобо, албетте, глобалдык мүнөздөгү кээ бир алып салууларды камтыган жалпыга милдеттүү эреже экендигин билдирет. Укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө жогоруда аталгандарды эске албоо жалпы бакубаттуулук үчүн өтө жагымсыз кесепеттерге алып келет.

Ошол эле учурда Конституциянын 23-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен чектөөлөр киргизилиши мүмкүн эмес. Ошентип, мүмкүн болуучу чектөөлөрдү киргизүүнүн катаал чектерин жана катуу аныкталган жол-жоболорун белгилөө менен Негизги Мыйзам адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин негизсиз жана өлчөмсүз чектөөгө жол берилбейт деп эсептейт.

Бул конституциялык орнотмо Адам укуктарынын жалпы декларациясынын ар бир адам өз укуктары менен эркиндиктерин иш жүзүнө ашырууда эң оболу башкалардын укуктары менен эркиндиктерин тийиштүү түрдө таанууну жана урматтоону камсыз кылуу жана демократиялык коомдо адеп-ахлактын, коомдук тартиптин жана жалпы бакубаттыктын акыйкат талаптарын канааттандыруу үчүн мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөргө гана дуушарланууга тийиш деген жобосуна шайкеш келет (29-берененин 2-бөлүгү).

  1. Мамлекет коомдун бардык турмуштук ишмердигин тартипке келтирүүгө жана анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга чакырылган негизги башкаруу системасы болуп саналат. Анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунан коомдогу туруктуулук жана укук тартиби, коомдук ынтымак көз каранды. Мында мамлекеттин иши үчүн административдик, башкача айтканда анын башкаруучулук функциясы негизги мааниге ээ, себеби мамлекетти жана коомду байланыштыруучу элемент катары мамлекеттин органдары болуп саналат. Өз кезегинде мамлекеттин бул функциясы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан аткарылат.

Бул Чечимде белгиленгендей, Конституциянын жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү кепилдеген жоболоруна карабастан, Негизги Мыйзам мамлекет тарабынан коомдун алдында аткарып жаткан милдеттердин өтө маанилүүлүгүн өзгөчө белгилейт жана ушуга байланыштуу бул кызматтардын жогорку деңгээлин кармап туруу максатында жарандар үчүн атайын талаптарды жана чектөөлөрдү киргизүүгө жол берет. Алар кызматка кирүүгө, өтөөгө жана кызматты токтотууга байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин укуктук статусун регламентациялаган дээрлик бардык аспектилерине тиешелүү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1996-жылдын 12-декабрындагы 51/59 резолюциясына ылайык мамлекеттик кызмат — бул улуттук мыйзамдарда аныкталгандай, мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө милдеттүүлүктү болжогон, ишеним менен  курчалган кызмат оруну.

Ошентип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар мамлекеттин социалдык-маданий жана административдик-саясий турмушунда, экономиканы жана коомдун башка бардык чөйрөлөрүн башкарууда маанилүү ролду ойнойт жана өз кызматчыларынан жогорку кесипкөйлүктү, компетенттүүлүктү, мамлекеттин кызыкчылыгында кызматтык милдеттерин толук жана сапаттуу аткаруу үчүн зарыл болгон жоопкерчиликти, тийиштүү даярдыкты, билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылат.

Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу атайын укуктук жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүчү жарандар үчүн милдеттердин өзгөчөлүктөрүн, аларды уюштуруунун жана иштөө принциптерин эске алуу менен өзгөчө талаптарды жана чектөөлөрдү аныктоого укуктуу.

  1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык тиешелүү райондо туулган адам аким боло албайт. Мыйзамдын 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык тиешелүү шаарда туулган адам мэр боло албайт. Ушундай эле ченем аталган Мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда камтылган, анда тиешелүү айыл аймагында туулган адамды айыл өкмөтүнүн башчысы кылып дайындоого тыюу салуу каралган.

Тиешелүү айыл аймактын, райондун, шаардын аймагында коомдук башкарууну уюштурууда белгиленген кызмат адамдарына жетектөөчү роль таандык экени талашсыз. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык шаарлардын мэрлерине, райондордун акимдерине, айыл өкмөт башчыларына аткаруучу-тескөөчү функцияларды ишке ашыруу боюнча жетишээрлик кеңири компетенциялар берилген. Алардын колунда жергиликтүү жамааттардын административдик жана социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча толук жетиштүү бийлик топтолгон деп айтууга болот. Башкача айтканда, аким, мэр, айыл өкмөт башчысы аткарган функциялардын жыйындысы өзүнүн көп түрдүүлүгү жана башкаруучу таасир күчү менен бул институттардын белгилүү аймактык бирдиктерде коомдук турмушту башкаруунун негизги куралы катары маанилүүлүгүн түздөн-түз көрсөтүп турат. Демек, бул кызмат орундарын ээлей турган адамдарга жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары үчүн кыйла натыйжалуу жана пайдалуу ишмердикти камсыздай алгандай белгилүү бир талаптар орнотулбай коюулушу мүмкүн эмес.

Конституциялык сот бул Чечимде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук статустарынын ортосундагы принципиалдуу айырмачылыктардын мүнөзүн  козгобой тургандыгын өзгөчө белгилейт, анткени алар бул иш боюнча конституциялык контролдоонун предмети болуп саналбайт.

Кыргыз элинин өнүгүү контекстинде салттуулук анын иденттүүлүгүн аныктоочу жашоо образын, жалпы адамзаттык баалуулуктарды, тарыхый калыптанган үрп-адаттарды сактоону жана муундан муунга өткөрүп берүүнү билдирет. Ошону менен бирге элдик салттардын бардыгы эле коомдун турмуш тартибине пайдалуу таасирин тийгизе бербейт. Айрыкча, туугандык байланыштары бар адамдардын тыгыз жашагандыгынан жана отурукташкандыгынан улам, уруулук мамилелер инсандар аралык коммуникацияны бекемдөөдө олуттуу орунду гана ээлебестен, жергиликтүү жамааттардын коомдук жашоосуна да өз таасирин сактап турат.

Бул салттарды сактоо жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жергиликтүү маанидеги орчундуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда тууганчылык же башка артыкчылыктар боюнча адамдардын белгилүү бир категориясына негизсиз привилегияларды берүүгө алып келиши мүмкүн, аны менен кызыкчылыктардын кагылышуусуна жана олуттуу социалдык толкундоолорду чакырууга түрткү берген жергиликтүү калктын нааразычылыгына өбөлгөлөрдү жаратат.

Мындай жобо жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жалпы принциптерине, мыйзамдуулукту, бирдейликти жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоого, бул органдардын ачыктыгына, элдин кызыкчылыгында өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, эл алдындагы конституциялык-укуктук жана башка жоопкерчиликке шайкеш келбейт; мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат (Конституциянын 4-беренесинин төртүнчү, жетинчи абзацтары, 5-беренесинин 1-бөлүгү, 24-беренесинин 2-бөлүгү).

Ошентип, бул субъекттердин жергиликтүү жамааттын жана жалпысынан мамлекеттин алдындагы жоопкерчилигинин даражасына негизденип, Конституциялык сот тиешелүү райондун, шаардын, айыл аймагында туулган адамдарга райондун акиминин, шаардын мэринин жана айыл өкмөт башчысынын кызматтын ээлөөгө тыюу салууну киргизүү конституциялык талаптарга ылайык келет, анткени ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын өзгөчөлүктөрү жана коомдук кызыкчылыктар менен шартталган деп эсептейт. Бул чектөө конституциялык маанилүү баалуулуктардын, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын тең салмактуулугун бузбайт, кызыкчылыктардын кагылышын алып салууга, көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарында өз функцияларын объективдүү жана калыс аткарууга багытталган. Ошондой эле ал Конституция менен кепилденген мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, адамдын жана жарандын басмырланбоого, эмгек эркиндигине болгон укуктарын жокко чыгаруу же кемсинтүү катары каралышы мүмкүн эмес (Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгү, 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы, 2-бөлүгү, 37-беренесинин 3-бөлүгү, 42-беренесинин 1-бөлүгү, 55-беренеси, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү).

Бул тыянак Эл аралык Эмгек Уюмунун “Эмгек жана алектенүү тармагындагы дискриминация жөнүндө” 1958-жылдагы № 111 Конвенциясынын 1-беренесинин 2-пунктунун жоболору менен да өз ара байланышат, анда белгилүү бир жумушка байланышкан конкреттүү талаптарга негизделген ар кандай айырмачылыктар, алып салуулар же артыкчылыктар басмырлоо болуп эсептелбейт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мамлекет конституциялык түзүлүштүн негиздерин бекемдѳѳ үчүн мамлекеттик бийликти кыянаттык менен пайдалануудан жана криминалдашуудан коргогон майнаптуу укуктук механизмдерге муктаж экендигин бир нече жолу белгилеген (2013-жылдын 31-октябрындагы, 2013-жылдын 26-ноябрындагы, 2015-жылдын 25-ноябрындагы чечимдери). Мамлекеттик бийликтин легитимдүүлүгү көбүнчө коомдун ишенимине негизделет. Тиешелүү укуктук механизмдерди түзүү менен мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын зоболосуна жогору талаптарды коюуга укуктуу. Мындай талаптар жарандарда кызмат адамдарынын моралдык, этикалык жана адеп-ахлактык сапаттарына жана мамлекеттик бийликти алып жүрүүчүлөр катары алардын иш- аракеттеринин мыйзамдуулугунан жана жеке пайда көрүүгө кызыкдар эместигине күмөн жаралбашы үчүн орнотулат. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнүн жана иштешинин өзгөчөлүгү саясий кызматтарды ээлеген адамдардын өзгөчө статусун аныктайт. Мыйзам чыгаруучу мамлекеттик кызмат орундарын дифференцияциялоо жана алардын ар биринин укуктук статусун жөнгө салуу менен бул чөйрөдө өзгөчө эрежелерди орнотууга укуктуу.

  1. Бишкек жана Ош шаарлары административдик-аймактык бөлүнүүнүн принциптерине ылайык өзгөчө конституциялык-укуктук статуска ээ жана республикалык маанидеги шаарлар деп таанылган, ал эми Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору болуп саналат (Конституциянын 14-беренесинин 2-бөлүгү).

Көрсөтүлгөн шаарлар өзгөчө мамлекеттик мааниге ээ, аларды башкаруу өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик башкаруу менен айкалышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптеринде жүзөгө ашырылат. Мында алардын башкаруу органдарынын тутумун жергиликтүү бийликтин өкүлчүлүктүү органдары болуп саналган шаардык кеңештер жана жогоруда белгиленгендей, өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана мамлекеттик бийлик органдарынын аткаруу функцияларын жүзөгө ашырган тиешелүү мэриялар түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин акыркы маалыматы боюнча Бишкек шаарынын туруктуу калкынын саны 1 миллион 145 миң адамды түзсө, ал эми Ош шаарында 361 миң 300 адамды түзөт.

Шаардаштыруунун масштабы, Бишкек жана Ош шаарларындагы калктын өсүү ылдамдыгы алардын административдик, саясий, экономикалык, илимий, билим берүү, тарыхый-маданий борборлордон болуусу менен башка аймактардын жашоочуларын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир топ кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен өзүнө тартуусу менен шартталган. Ушуга байланыштуу бул шаарлардын калкынын курамы башка административдик-аймактык бирдиктерден айырмаланып, жамааттык туулгандык жана отурукташкандык белгилери боюнча эмес, социалдыкэкономикалык өнүгүү деңгээлине жараша түзүлөт. Мындай шартта уруулук мамилелердин өзгөчөлүктөрү Бишкек жана Ош шаарларындагы калктын курамынын калыптанышына жана жергиликтүү жамааттардын коомдук турмушуна таасир этүүсүнө жөндөмсүз.

Демек, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин кызмат ордун бул шаарларда туулган адамдардын ээлөөсүнө мүмкүн эместиги түрүндөгү каралып жаткан чектөө конституциялык маанидеги максаттарга өлчөмдөш эмес жана бул кызмат орундарын ээлөөгө ат салышкан талапкерлерге карата жайылтылышы мүмкүн эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту

ЧЕЧТИ:

  1. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 52-беренесинин 3бөлүгүнүн 3-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
  2. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кызмат ордун ээлөөсүнө күчүн жайылткан даражада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 37-беренесинин 3-бөлүгүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнөн келип чыккан укуктук көз караштын негизинде колдонуудагы укуктук жөнгө салуу чөйрөсүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
  4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
  5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
  6. Ушул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!