Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен Сокулук районунун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Ал эми район акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Акимдин орун басарын кызматтан алууга Сокулук районунун Төмөнкү айылындагы 2 миллион сомго мектеп дааратканасынын салтанаттуу ачылышы себеп болгон.