"Эркин-Тоо"

Дагестанда аялдар мобилизацияга каршы митингге чыкты

25-сентябрда  Россиянын курамындагы Дагестан Республикасында жергиликтүү тургундар мобилизацияга каршы бир нече нааразылык акцияларын өткөрүштү. Видеолор социалдык тармакка тарады.

Андагы маалыматка караганда, нааразылык акциялардын эң ириси Махачкалада болгон.  Москва убактысы боюнча саат 15:00 чамасында жергиликтүү тургундар, негизинен аялдар шаардын борборунда, Куурчак театрынын жанына чогула баштаган. Чакырыктар Телеграм каналдарга жарыяланып, балалуу энелерден тарта жаштарга чейин чогулушту. Митингге чыккандар өзгөчө “Согушка жол жок!”, “Мобилизация жок”- деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Айрым маалыматтарга караганда жүздөгөн адамдар катышты. Полиция күч менен аларды таратты. Көбүн кармады. Бир нече киши сабалып, Ички иштер министрлигинин бөлүмүнө жеткирилген.

Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланып запастагы аскер кызматкерлер Украин- Россия согушуна тартылаары жарыяланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!