Кечээ, 12-февралда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-“Ден-соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, маркумду ошол эле мектептин 17 жаштагы окуучусу (Р.Н.) сабаганы аныкталган. Ал шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.