— Даирбек Мейлиевич, сизди эң алды быйылкы 50 жаш кутман курагыңыз менен жалпы окурмандардын атынан куттуктап кетем. “Эр ортону элуу жаш” деп бекер айтылбаса керек. Анткени, мына сиз өзүңүз бүгүнкү күндө акыл-тажрыйбага толгон курактасыз. Көп жерлерде эмгектениптирсиз, анын ичинде укук коргоо, сот органдарында. Бухгалтердик ишти да мыкты билет экенсиз. Буга чейин Курманбек айыл өкмөтүн жетектеп келиптирсиз. Эми, Сузак айыл өкмөтүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айта кетсеңиз. Анткени, ар бир элдин, жердин өзүнө тиешелүү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү болот эмеспи?!
— Макул, өзүңүз айтмакчы Сузак айыл өкмөтү тууралуу көп сөз кылууга арзыйт. Анткени, Жалал-Абад облусундагы райондор арасынан калкынын саны боюнча Сузак району алдыда болсо, райондогу калкы эң жыш жайгашкан айыл өкмөтү ушул биздин айыл өкмөт. Сузак айыл өкмөтүнүн аймагында көп улуттуу калк жашап, жалпы саны 48 565 адамды түзөт. Райондун борборунда, ал эми ЖалалАбад шаарынан, т.а. облус борборунан 12 чакырым аралыкта жайгашкан. Сузак айыл өкмөтүнүн жалпы территориясы 20 613 гектар. Биздин элдин экономикасы жер иштетүү, мал чарбасы жана өндүрүштүк ишканаларды көбүрөөк куруп, ишке киргизүүдөн көз каранды болуп саналат. Болбосо, көрүп турасыздар, калк өтө жыш жайгашкан жер.
— Мында элүү миңге жакын эл бар дедиңиз! Булардын басымдуу бөлүгү дыйканчылыкты карманса, айрымдары калкты тейлөө кызматтарында жүрүшөт экен. Айтсаңыз, билим берүү тармагында кандай күнгөй-тескейлер бар?
— Бизде 12 мектеп, 8 мектепке чейинки билим берүү мекемебиз бар. Мындан сырткары 3 китепкана, 1 спорт ордосу жана 9 спорт аянтчасы бар. Балдардын жеткиликтүү билим алуусуна колубуздан келгендин бардыгын жумшайбыз. Анткени, жаштар бизден акылдуу, тапкыч болушу мезгил талабы. Президентибиз Садыр Нургожоевич да билим маселесине келгенде абдан алгылыктуу иштерди жасады. Мугалимдердин эмгек акысынын көбөйүшү бир эсе алардын эмгегин кастарлап урматтагандык болсо, экинчи жагынан окутуучулар арасында атаандаштык жаралып, баланын жеткиликтүү билим алуусуна чыныгы педагогикалык жаратмандык жана жаңыча изденүү менен иштешет деп ишенем. Демек, улуу муундагылар да мугалим менен бирдикте өзүбүздө болгон бай-тажрыйбаларды чыпчыргасын коротпой жаштарга жеткирүүгө милдеттүүбүз!
— Айтмакчы, Сиздердин Сузак айыл өкмөтү “дотациядан” чыкканбы?
— 2020-жылы айыл өкмөт толугу менен дотациядан чыккан. Быйылкы 2022-жылга карата жалпы кирешебиз 71,8 миллион сом болуп бекитилген. Бюджеттин киреше бөлүгү негизги салыктардан турат. Мисалы, киреше салыгы – 47200,0 сом, бирдиктүү салыгы – 185,0 сом, милдеттүү патент салыгы – 820,0 сом, ыктыярдуу патент салыгы – 7456,0 сом, мындан сырткары салыктык эмес кирешелерден түшчү каражаттар бар, ижара төлөмдөр, атайын каражаттар дегендей…
— Эми мынчалык болду чыгаша бөлүгүнөн да мисалдарды келтире кетсеңиз…
— Ошол эле билим берүү тармагын карап көрөлү: 14850,2 сом – маданият тармагына, 694,4 сом – турак жайга, коммуналдык чарбага – 37132,9 сом, социалдык жардамга – 2540,0 сом каражат каралган. Сузак айыл өкмөтү тарабынан быйылкы жылдын өткөн 9 айында Достук айылындагы Ташполот Мурсалиев атындагы мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Алымжан Юнусов мектебинин электр линиялары жана жарыткычтары толугу менен жаңыланды. Ал эми аймактагы жаңы конуштарга бардыгы болуп 5 300 метр суу түтүктөрүн сатып алып, орнотуп бердик. Үч даана трансформатор орнотулуп, ишке кирди. Көчөлөргө 590 даана түнкү жарыткычтар орнотулду. Благовещенка айлынын борбордук көчөсүндө 7 даана аялдама курдук. Өнүктүрүү фонду тарабынан долбоордун негизинде таштандыларды ташып чыгаруучу атайын техника сатып алынды. Мындан сырткары, Сузак айылындагы Мадаминов көчөсүнө – 560, Школьная көчөсүнө – 495 метр аралыкка асфальт төшөлсө, Благовещенка айылындагы Халдар Хажи көчөсүнө 708 метр аралыкка асфальт төшөө иштери башталды.
— Кышка даярдыктар кандай?
— Сузак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп жана балдар бакчаларынын имараттарын кышкы мезгилде тиешелүү жылуулукта кармап турууга тиешелүү болгон 728 тонна көмүр сатып алынды. Гайдар, Гафур Гулам, Манас орто мектептерин кышка даярдоодо от жыгуучу котелныйларын толук ремонттон өткөрдүк. Мындан сырткары Г.Гулам, Т.Мурсалиев орто мектептеринин полун алмаштырып, капиталдык ремонттоо иштерин жүргүздүк. А.Юнусов мектебинде электр зымдарынын бөлүгү жаңыланса, Домо-Ата мектебинде котелныйдын чатыры алмашып, Т.Мурсалиев мектебинин эшик-терезелери алмаштырылды. Ушул иштерди жасап бүтүрүүгө 4 млн 583 миң сом акча каражаттары коротулду. – Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жакшы саамалыктар арбын. Мисалы, “Наристе” жана “Ролссинка” балдар бакчаларынын чатыры, эшик-терезелери алмашылса, 5 бала бакчага 565 000 сомго заманбап тамак-аш бышыруучу электр плиталарын алып бердик.
– Маегиңизге рахмат! Калк камында коллективиңиздер менен талбай эмгектене бериңиздер. Ийгиликтер арта берсин!
№104 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 25-ноябры
Маектешкен М.АСКАРОВ, Сузак району