Дайырбек Орунбеков: Президент менен жолугушууларда жеке арыз-муңдар басымдуулук кылды

25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177

Жолугушууда белгилүү болгондой, көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү жарандардын жеке көйгөйлөрүнө байланыштуу болуп, ал эми аймактык деңгээлдеги ири инфраструктуралык маселелер мурдагыга салыштырмалуу аз айтылды. Мамлекет башчысы бир катар маселелер боюнча жеринде чечим кабыл алып, тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмаларды берүүдө. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.

«Бул жолу Президентибиз Садыр Жапаров Нарын облусун кыдырып жүрөт. Жалпы эл менен жолугушкан соң, эл арасында ар кандай көйгөйлөр айтылат экен. Улут уңгусуна тийиштүү маселеден тартып, кадимки жеке маселелер, адилеттик издегендердин арыз муңдары. Бул боюнча мамлекет башчысы көбүн жеринде дароо чечкенге үлгүрсө, айрымдары боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин басымдуу бөлүгү жеке көйгөйлөр болуп, аймактын проблемалары азыраак айтылды. Албетте бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, ар бир адам өзүнүн маселесин бир келген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып калгысы келет. Бирок аймактын маселесинин арбындан азайганына мен башка себепти да мисал кылат элем.
Ал – мамлекеттик бийлик аймактагы көп маселени элди какшатпай эле четинен чечип жатканы. Сөзүм кур болбош үчүн жасалган иштерди азын оолак санап кетейин.
Жумгалдыктар жылдап ыйлап жүрдү эле азыр жолу Европаныкындай эле болуп калды. Нарын-Баетов жолу жасалууда. Нарын шаарынын борбордук көчөсү оңдолду. Нарын облусунун борбору болгон Нарын шаарына көрк бере турган бир катар имараттар курулду.
Алар – облустук, шаардык, райондук прокуратура, Нарын райондук электр тармактарынын жаңы имараты. Учурда да бир катар курулуштар жүрүүдө. Нарын шаарында заманбап үлгүдөгү маданий борбор, 200 орундуу муниципалдык мончо, балдар ойноочу жай курулууда. 5000 орундуу борбордук “Ала-Тоо” стадиону 326 млн сомго реконструкцияланып жатат. О.э., Президенттин турукташтыруу фондунан каражат бөлүнүп облус боюнча 47 спорт аянтчасы курулууда. Нарын аэропорту реконстуркцияланды, автобекет оңдолуп көркүнө чыкты. Ушул күндө Нарында 40 социалдык обьектиде курулуш жүрүп жатат. Анын 12си бала бакча. МИК куруп жаткан 9 кабаттуу 4 үйдүн курулушу бүтсө 216 үй-бүлө үйлүү болгону турат.
Эсиңиздерде болсо Президент Садыр Жапаров былтыр парламенттик шайлоого үгүт башталаардын алдында жалпы элге кайрылып, талапкерлер силерге мектеп куруп берем, жол салам, бала бакча курам десе ишенбегиле, анын баарын мамлекет кылат дегендей кайрылуу кылды эле. Бүгүн эл буга ынанып отурат. Мурдагыдай ар кимдин эшигин каккылап, ар кимге жалдырап, мектеп, бала бакча, жол куруп берчи деп кайрылмак түгүл, мамлекет башчысы менен болгон жолугушууда да мындай көйгөйлөр азайганы анык байкалууда», — деп жазды Орунбеков.
25-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 177
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X