"Эркин-Тоо"

Дайыма жаш бойдон жүргүсү келгендер үчүн

Адамзат сулуулуктун сырларын ачып, картайгысы келбегендер жаш көрүнүүнүн жолдорун дайым эле издеп келет. Айрыкча айымдар акыркы убакта “муну кылсаң жашарасың, тигини жесең сулуу болосуң”,- деген темада көп сөз кылышууда. Окумуштуулар болсо кеңештерин бергенден тажашкан жок. Биз да бүгүн окурмандарга кеңештер топтомун даярдадык. Ал кеңештер дайыма жаш бойдон жүргүсү келгендерге сунушталат.

  1. Окумуштуулар жакшы уктаган адам кеч картаят деген тыянакка келишкен. Ал эми жакшы эс алуу, уктоо үчүн жаздыкка баш коёрдон мурда муздак суу менен бутту тизеден ылдый жууп туруу маанилүү.
  2. Спорт менен машыккан адамдын денеси чымыр болот. Күнүнө бир минута эле көнүгүү жасоо, беш жолу отуруп туруу өмүрдү 5 жылга узартат.
  3. Жашылчаларды, укроп, петрушка, салат жалбырактарын күнүнө бир жолу татып туруш керек. Мындайда жүрөк дартын 7 пайызга кыскарта аласыз.
  4. Күнүнө бир стакан сууну ичүү керек. Айрыкча кофе, шире ичкен адамдар сууну көп ичиши зарыл,-дешет окумуштуулар.
  5. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдар тепкичтерди өмүрдүү узартуучу, жаштыкты сактоочу курал катары колдонушса болот. Алар залга барып машыкпастан эле үйгө тепкич аркылуу кирип-чыгуулары зарыл.
  6. Сууга чайынып жаткан убакта теринин калың жерлерин укалоо керек. Мисалы тизе, чыканактагы терилерди укалап жуугула дешет,-изилдөөчүлөр.
  7. 5 мүнөт эч нерсеге көңүл бурбай, жөн гана жатыңыз. Мындай көнүгүүнү күндө жасаңыз. Баарын ойдон чыгарып, башка дүйнөгө кирип туруу керек.
  8. Спирт ичимдигин ичкендерге да кеңеш бар. 30 жаштан ашкандар ичимдик ичкенде тез картайышат. Андыктан ачууну ичкен сайын артынан көп суу ичип туруу керек. Болбосо шорпо менен ичиңиз. Ошондо баштын оорушу да аз болот.
  9. Ал эми медицина өкүлдөрү спирт ичимдигин такыр ичпеген адамдар жаш көрүнүшөт. Тамекини да таштагыла,-дешет. Алар С витаминин көп жегенди сунушташат.
  10. Активдүү кыймыл-аракет терини бырыштардан сактайт.
  11. Уйку да медиктердин айтымында эң маанилүү нерсе. Түнкүсүн 7 саат уктаган туура.
  12. Кан басымдын жогору болушу зыяндуу. Кандын басымы нормалдуу болсун үчүн кофейини жок кофе ичип туруу сунушталат.
  13. Андан тышкары жумуш күнүн кыскартуу зарыл. Көп жумуш аткарган адамдын кан басымы жогору болот.
  14. Негизгиси тез картайып кетпеш үчүн күндөн калкалануу керек. 90 пайыз аялдар күндүн нурунан картайышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!