"Эркин-Тоо"

Дайынсыз болгон 7 жашар баланын сөөгү Чу дарыясынан табылды

Токмокто дайынсыз болгон 7 жашар баланын сөөгү Чу дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-майда Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө милиция кызматкерлери кайрылып, Дача-1 айылында 7 жашар бала 12-майдан тарта дайынсыз болгондугун билдирип, издөө-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүүлөрүн суранган.

Ал күнү издөө иштерине 4 куткаруучу, 16 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.

Эртеси, 14-майда издөө иштерин уулантууга 15 куткаруучу, 47 милиция кызматкери жана 50 жаран, атайын шаймандар жана 2 дрон менен чыгышкан.

Баланын сөөгү саат 8:30дар чамасында Чу дарыясындагы Дунларов көпүрөсүнө жакын аймактан куткаруучулар тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!