Бишкек шаарында катталган эки адамдын өлүмү, аталган кылмышка шектүү делип кармалган 19 жаштагы жаран коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул боюнча Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазып, төмөндөгүдөй маалымат берди: «Ак-Ордо конушунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Соцсеттерде “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?”-деген пикирлер жазылып жатат.
Азыр 21-кылым, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөн. Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн.
Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү.
Шектүүнүн атасы М.С. дагы мурда эки жолу соттолгон экен. Уюшкан кылмыш тобунун жетекчилеринин бири, “Дөө Чынгыздын” уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Кийин, “Дөө Чынгыздын” акыркы сапарга узатуусунда дагы катышкан.
Андыктан, кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, “окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар” деген талкууларга чекит коёлу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли. Кылмышка шектүүнүн адам өлтүрүүгө чейинки жүргөн жерлери, видеолору, 100% тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар. Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ!
Бул окуя – кылмышкерлерге же кылмыш кылууну максат кылгандарга дагы сабак болушу керек. Азыр заман башка, техникалык мүмкүнчүлүктөр өнүккөн. Баары бир кармаласыңар. Андыктан жаман ойго баруудан мурда, башканын жана өз тагдырыңарды талкалап алуудан кармангыла.»