Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков банктарды кара тизмеге киргизген санкция тууралуу буларга токтолду:
«“Азаттык” медиасынан “Британ агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн «Керемет банкты» сатып алганын билдирди” деп жарыялаган макаласын окуп калдым. Жарыяланган макалага жана банктарды кара тизмеге киргизген санкция боюнча жооп берип, элге дагы түшүндүрө кетүүнү туура көрдүм.
Батыш – Кыргызстандын эки банкына “силер Россиянын Сбербанкы менен кызматташып, алардын акчаларын “адалдап” берип жатасыңар”-деген жалаа менен санкцияга киргизген.
Бүгүнкү күндө, Россияда 1 миллионго жакын мигранттар, мекендештерибиз иштеп жүрүшөт. Алар, күн сайын Кыргызстандагы туугандарына миллиарддаган рубль акча каражаттарын ошол эле Сбербанк жана башка банкттар аркылуу жөнөтүшөт.
Бул рублдар Кыргызстанда конвертацияланып, мигранттардын туугандарына сом менен берилет. Рублдар болсо кайра эле Россияга товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт.
Кантип?
Биз Кыргызстан Россиядан нефть, газ, метал, буудай, азык-түлүк түрлөрүн, курулуш материалдарын сатып алабыз. Товарын саткан компаниялар акчаны кайсы дарекке котор десе, ошол дарекке жөнөтөбүз. Мигранттар жөнөткөн рублдарды Кыргызстан “жеп” койбойт да? Доллар, евро же сом менен жөнөтө албайбыз. Ошентип келген рублдар экономикалык айланма аркылуу кайра Россияга кетет. Бул — кадимки эле товар-акча жүгүртүү. Бул агымдар — Кыргызстандын экономикасы үчүн нормалдуу жана зарыл процесс.
Ошондуктан, банктарды “Силер Россиянын банктары менен кызматташып жатасыңар” деп айыптоо Кыргызстандын өнүгүп келе жаткан экономикасына бут тосуу, жамандык жасоо аракети деп айтса болот. Россиянын банктары менен кызматташпай коюу биздин өлкөнүн каржылык туруктуулугуна жана мигранттардын үй-бүлөлөрүнө түздөн-түз зыян келтириши мүмкүн», – деп жазды Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

