Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарында Түштүк-Магистралдан жогору Чыңгыз Айтматов проспектисинде оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
«Долбоорду Президенттин Иш башкармалыгы ишке ашырууда. Бул өзгөрүүлөр шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө түзүүгө багытталган. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев менен бирге барып, жүрүп жаткан курулуш иштерин көрдүм. Түзүлүп жаткан шарттар тууралуу сиздерге бөлүшө кетейин.
Учурдагы төрт багыттуу жол алты багыттуу болуп кеңейтилет. Жолдун эки тарабында заманбап, кеңири тротуарлар курулат. Велосипедчендер жана электросамокат айдагандар үчүн өзүнчө веложол түшөт. Ошондой эле кызыл чийинден ашып кеткен мыйзамсыз курулуштар жана тосмолор алынып, шаардын көрүнүшү иретке келтирилет. Бул оңдоо иштери Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлөт. Натыйжада, Чыңгыз Айтматов проспектиси жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана унаалар үчүн ыңгайлуу, заманбап көчөлөрдүн бирине айланат.»