Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына «Азаттык» радиосуна болгон каржылоонун токтотулушуна байланыштуу пикири менен бөлүштү.
Дайырбек Орунбеков «Азаттык» радиосуна болгон каржылоонун токтотулуусуна байланыштуу, жабылып калуу тобокелдиги тургандыгын айтып: «Ал жерде иштеген кесиптештерибиздин жумушсуз калуу коркунучу бар. Биз бул жагдайга кайдыгер эмеспиз, кесиптештерибизге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдирем.
Атап айтканда, кесипкөй журналисттерди мамлекеттик маалыматтык ресурстарга, мамлекеттик органдардын пресс-кызматтарына, башка медиа уюмдарга чакыруу, иш менен камсыз кылуу жана аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча сунуштарыбыз даяр.
Дасыккан журналисттерди жумушсуз таштабайбыз жана алардын тажрыйбасын, билимин өлкө үчүн пайдалуу багытта колдонууга көмөктөшөбүз.
Тажрыйбалуу, мыкты журналисттер көп, алардын кесипкөйлүгү жана медиа чөйрөсүнө кошкон салымы зор. Биз аларга ар дайым колдоо көрсөтүп, жаңы платформаларда өз ишмердүүлүгүн улантуусуна шарт түзүүгө аракет кылабыз»,-деди.
Белгилей кетсек, АКШнын Глобалдык медиа агенттиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна анын ишин каржылаган федералдык грантты токтотуп жатканын кабарлап, бул тууралуу The Insider интернет басылмасы жазып чыккан.