"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Дайырбек Орунбеков дүйнөлүк медиа форумга катышты

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Азербайжандын Шуша шаарында өткөн дүйнөлүк медиа форумга катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага дүйнөнүн 50гө жакын өлкөсүнөн 140тан ашык белгилүү медианын өкүлдөрү жана таанымал журналисттер чогулган. Форумду Азербайжандын президенти Ильхам Алиев ачып, катышуучулардын суроолоруна жооп берген.

Форум алкагында Карабахтагы калыбына келтирилип жаткан шаарлар, социалдык объектилер жана айылдарга атайын тур уюштурулган. Анын жүрүшүндө катышуучулар Агдам районунда Кыргызстан тарабынан курулган мектепти да көрүшкөн.

«Бул окуяга катышып жатып сыймыктандым. Буга чейин мамлекетибиз дүйнөлүк коомчулукка жардамга муктаж өлкө катары таанылып келсе, бүгүн биз боордош элге мектеп салып берген, эл аралык мамиледе активдүү кадам таштап жаткан мамлекетке айланып баратабыз», — деп жазды Орунбеков.

Ал ошондой эле форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын достугу тууралуу айтылганда сыймык менен катышып, бул күн анын эсинде өзгөчө мааниде калганын белгиледи.