Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ушул жайда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун көлөмү рекорддук деңгээлге жеткендигин айтып, бул көрсөткүчтүн өсүшүнө себеп болгон факторлорду санап өттү:
«Завод-фабрикалардын иши жанданды, көп кабаттуу үйлөрдүн саны өстү, өндүрүш тармактары кеңейди.»
Мындан улам мамлекет ар кандай аракеттерди көрүп жаткандыгын айткан маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси буларга токтолду:
«Энергияга болгон суроо-талап жогорулаган шартта, мамлекет да аракет көрүп жатат. Азыркы учурда, жаңы гидроэлектростанциялар (ГЭС) курулууда, мурдагы ГЭСтер реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулатылып, электр жабдуулары жаңыртылып жатат.
Бул аракеттер Кыргызстандагы экономикалык өсүш жана өнүгүү темпи менен түздөн-түз байланыштуу.
Бирок бул багыттагы ийгиликтер жалгыз мамлекеттик аракет менен эле камсыздалбайт. Ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги да маанилүү. Андыктан, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, ашыкча чыгымдардан алыс болуу, тартип жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу — ар бир кыргызстандыктын милдети.
Энергияны сарамжалдуу пайдалансак — өзүбүзгө да, өлкөбүзгө да пайда. Жоопкерчиликтүү бололу, электр жарыгын үнөмдөйлү!»

