Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 13 жыл мурда берген убадасы тууралуу жазып, буларга токтолду:
«Кыргыз саясатынын тарыхында шайлоого катышкан партиялар, талапкерлердин дээрлик ар бири «Биз бийликке келсек коррупция менен ОПГны жок кылабыз»-деп убада беришкен. Айрыкча, 2010-жылы бийликчил партиялардын негизги урааны мына ушундай болчу. Жыйынтыгында коррупционерлерге табакташ, бандиттер менен тилектеш болуп алышкан.
Мындан 13 жыл мурда Камчыбек Ташиев шайлоо учурунда Жумгал эли менен жолугуп жатып, «Мен бийликке келсем коррупцияны жок кылам. Бир дагы коррупционер эркин басып жүрө албай тургандай болот!» -деп убада берген экен. Ал кыялдары азыр ишке ашты, генерал сөзүнө турду, убадасын аткарды.»