"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Дайырбек Орунбеков: «Мурун Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт болсо, реконструкциядан кийин 1440 МВтка жетет»

Мамлекет башчысы энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында бир катар чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүүдө. Өлкөдө жаңы гидроэлектростанциялар, күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери активдүү жүрүп жатат. Анын катарында мурдагы ири ГЭСтерде дагы жаңылоо жумуштары болуп жатканын маалымдайм.
Токтогул ГЭСинде ар биринин кубаттуулугу 300 МВт болгон төрт агрегат бар. Алардын үчөөндө реконструкция иштери аяктап, ар бирине дагы 60 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭС жалпысынан 180 МВтка кубаттанды. Быйыл ноябрь айында төртүнчү агрегаттагы реконструкция иштери бүткөндөн кийин, жалпы кошулган кубаттуулук 240 МВт болот. Мурун Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт болсо, реконструкциядан кийин ал 1440 МВтка жетет», – деп жазды Дайырбек Орунбеков.