Президент Садыр Жапаров бийликке келгенде өлкө оор кырдаалда турганын белгилеп, эң ириде экономиканы көтөрүп, энергетикалык кризистен чыгуу убадасын берген. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бюджети 1 триллион сомдон ашып, энергетика тармагында “Камбар Ата-1”, “Бала-Саруу” ГЭСтери жана башка ири, орто, чакан гидроэлектрстанциялар курулуп жатат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодон уткан учурдагы жасаган видео кайрылуусу. Мында, мамлекет карызга батып, коррупцияга баткан оор мезгилде бийликке келгенин белгилеп, эң ириде экономиканы жогорулатып, энергетикалык кризистен чыгуу убадасын берген экен.
2020-жылдын соңунда Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 247,7 миллиард сом болчу. Быйыл, Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашканы турат.
Энергетикада – кубаттуулугу 1860 МВт “Камбар Ата-1” ГЭСи курулуп жатат. Таласта Бала-Саруу ГЭСи курулуп колдонууга берилди. Токтогул ГЭСи баштаган ири гидроэлектрстанциялар реконструкциядан өтүп кошумча кубаттуулуктарга көбөйдү. Өлкөдө жетимишке жакын ири, орто жана Чакан ГЭСтер курулуп жатат. Президент Садыр Жапаровдун депутаттык мезгили, саясаттагы жолу жана шайлоо учурундагы убадалары четинен ишке ашууда», – деп жазды Дайырбек Орунбеков.