"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Дайырбек Орунбеков шайлоодогу эрежелер тууралуу үн катты

Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 30-ноябрда өтө турган шайлоодогу добуш берүү эрежелери тууралуу маалымдады. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына мындай деп жазды:

«Урматтуу шайлоочулар!

30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу өтөт. Добуш берүү эрежелери боюнча айрым жарандарыбызда дагы деле так маалымат жок болгондуктан, кайрадан түшүндүрүп кетүүнү туура көрдүк.

Сиз өзүңүздүн шайлоо участогуңуздан катышып жаткан талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере аласыз.

Айрымдар, “Округдан 3 депутат шайланат экен, демек 3 талапкерге добуш берсе болот турбайбы», – деп жаңылыш ойлоп жүрүшөт.

Жок туугандар, бул туура эмес! Бюллетендеги баардык талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге галочка коесуз. Эгерде 2 же 3 талапкерди белгилей турган болсоңуз, анда бюллетень жараксыз болуп калат. Ошондуктан бир гана талапкерге добуш бересиз.

Талапкерлердин алган добушунун негизинде система өзү жеңүүчүлөрдү автоматтык түрдө эсептеп чыгат.

Шайлоо аймагынан катышып жаткан талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган 3 талапкер депутат болуп шайланат.

Эгер алдыңкы үчөөнүн баары тең эркек болуп калса, анда үчүнчү мандат аял талапкерлердин арасынан көп добуш алганына берилет.

Эгер мандаттын үчөөнү тең аялдар утуп алса, анда үчүнчү мандат эркек талапкерге берилет.

Тактап айтканда, 3 мандат тең бир жыныстагы талапкерлерге берилбейт — гендердик баланс сөзсүз сакталат.

Каалаган жерден добуш берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу дагы эскерте өтөйүн.

Мурда сиз өзүңүз катталган шайлоо участкадан гана добуш бере алчусуз.

Азыр болсо, жумуш же түрдүү себептер менен башка аймакта жүрсөңүз да, ошол аймактагы шайлоо участогуна кирип, өз участогуңуздагы талапкерлерге добуш берсеңиз болот.

Бул үчүн жаныңызда паспорт, же өзүңүздү тастыктаган “Түндүк” тиркемеси “болушу керек.

Сиздин паспортуңуздун негизинде катталган аймактын бюллетени чыгарылып берилет, сиз добуш бересиз, ал эми система добушту автоматтык түрдө өз аймагыңызга жөнөтөт.

Бул маанилүү маалыматты башкаларга да жеткирип коюуңузду өтүнөбүз.

P.S: Сүрөт мисал катары гана көрсөтүлдү.»