Бишкекте Башкы прокуратуранын кызматкери далил буюм катары сейфте сакталып турган 740 000 (жети жүз кырк миң) АКШ долларын Букмекер конторасына уттуруп жибергени коомчулукка желдей тарап, Аскер прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгогону маалым болду.
КР Башкы прокуратурасы Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы, юстициянын полковниги Рустам Абдрасулов кармалганын ырастап, бирок Букмекер конторасына уттурулган акча каражаты жөнүндө маалыматты тактаган жок. Карапайым калк арасында Кыргыз Республикасынын Башкы мыйзам көзөмөлдөө органынын кызматкеринин мындай жосунсуз жоругу кызуу талкуу жаратып, анын жоопкерчилигин мыйзам чегинде дыккат кароо маселесин көтөргөндөрдүн саны арбыды.
Букмекер конторасына 740 000 (жети жүз кырк миң) АКШ долларын уттуруп жиберди деген шек менен Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалганы 22-сентябрда белгилүү болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарына таянуу менен ал кылмыш ишинин алкагында далил буюм катары алынган каражатты өзү билемдик менен сейфтен алып, букмекердик конторага уттуруп жибергенин жазып чыгышкан.
Башкы прокуратура 23-сентябрда бул боюнча билдирүү таратты. Анда 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн акчаны инвентаризациялоодо ири өлчөмдөгү каражат жетишпегени аныкталганы жазылган. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесинин (Шектүүнү кармоонун тартиби) негизинде Рустам Абдрасулов кармалган. «Бүгүнкү күнгө Рустам Абдрасулов ыйгарып алган акча каражаты толугу менен ордуна коюлду. Ал акча жеке адамга таандык болгон, мамлекетке зыян келтирилген эмес. Тергөө аракеттери улантылууда» деп жазылат Башкы мыйзам көзөмөлдөө органы жайылткан билдирүүдө.
Өткөн аптанын ишемби күнү Рустам Абдрасулов Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) кармалганы тууралуу маалымат тарап, кийинчерээк ал үй камагына чыгып кетти деген кабар айтылды. Бул маалыматтарды расмий тактоого мүмкүн боло элек.
Рустам Абдрасулов Кылмышжаза кодексинин 210-беренесине ылайык («Ишенип берилген мулктү ыйгарып алуу» ) кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал. Анда үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же иш жүргүзүү укугунан ажыратуу, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат деп жазылган.
Абдрасуловдун ишинде «мамлекетке зыян келтирилген жок» деп Башкы прокуратура өзү бүтүм чыгарып, аны актоого аракет көрүп жатат деген нааразы пикирлер коомчулукта арбын айтыла баштады. Кандай болгон күндө да прокуратура кызматкери «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу» беренесинен сырткары 337-берене менен («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жоопко тартылышы керек деген маселе бүгүнкү күн соболунда турат.
Ал эми мыйзам чегинде алып карасак, Рустам Абдрасулов төмөнкү мыйзам талаптары менен жоопко тартылууга тийиш:
1) КЖК. 86-БЕРЕНЕ «БУЮМ ДАЛИЛДЕРИ» (ВЕЩДОК)
- Кылмыштын куралы катары кызмат кылышы же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин объектилери болгон деп болжоого негиз берген буюмдар, ошондой эле кылмышты аныктоо, иштин иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө, күнөөкөрлөрдү аныктоо же болбосо күнөөнү жокко чыгаруу же жоопкерчиликти жумшартуу үчүн каражат катары колдонулган мүмкүн болгон акчалар, буюмдар, документтер жана башка баалуулуктар буюм далилдери деп таанылат.
- Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, — 3000ден 5000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
- Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган ошол эле жосун, — 5000ден 10000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
- Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун, — 10000ден 20000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
- Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар, 20000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.