"Эркин-Тоо"

Дамира Ниязалиевага кандай чара көрүлөт?

БШКнын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча түшкөн маалыматтары кароону улантып жатат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.  Эске салсак, БШКга 29-майда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын добуш сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу  аудио жазуу түрүндөгү маалымат түшкөн. Аудио жазуудан депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял У.Р. аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулап жатканын угууга болот. Учурда бул жагдайга юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Ал эми БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын карай тургандыгын билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!