"Эркин-Тоо"

ДАНАКЕР ДАРЫГЕР ЧОЛПОН АЙЫМ

Табият сыры канчалык татаал, көп кырдуу болсо, адамдын сыры, дарамети андан да көп окшобойбу. Минткен себебим, мезгил зымырык куштай зуулдап, күндөр сааттай чыкылдап өткөн сайын, табияттын тургай, адамдардын жан дүйнөсүн аңтарып алаканга салган заманбап технологиялар канчалык өнүккөн сайын, адам пендесинин өзгөчөлүгүнө тиш каталбай, анын сырларын толук ачуу татаалдап баратат. Болбосо, табиятынан өзгөчө жаралган адамдардын башкаларда жок касиетин кантип түшүндүрө алабыз да, канткенде түбүнө жете биле алабыз?! Жарык дүйнөгө келгенде мына ошондой өзгөчө касиети менен кошо жаралган Чолпон айымды бир караганда, башкалардан айырмалоо кыйын, мүмкүн да эмес. Маңдайы жарык, арыкчырай дене турпатына жарашкан жайдары жүзүн, бир ыргакта чыккан добушун угуп олтуруп, уккан сайын муюп, арбалып олтуруп гана анын башкаларда жок жан дүйнө сырына үңүлгөндөй, сезгендей болосуң. Ооба, ошондой сезилет, бирок сен анын ички дүйнөсүн таразалап билгенге кудуретиң жетпейт…

Чолпон бала чагынан, тагыраак айтканда алты жашынан кичинекей баланын эмес, чоң эле адамдар түшүнүүгө мүмкүн болбогон ичиндеги уйгу-туйгу сезимдерин, башкалар баамдабаган нерселер ага ачык көрүнгөнүн айтып бере алчу эмес, бирок эмне үчүн ушундай экенине таң калчу эмес. Анткени адамдардын баары эле ушундай болсо керек деп ойлочу. Бирок бардык эле адамдар бирдей, окшош эмес экен, айланасындагы адамдардын ичинен жалгыз гана өзүндө эч кимде жок касиет бар тура. Анын ошол башкалардын ички дүйнөсүн, айрыкча, жанын кейитип ооруп турган жерин туюп, көрө билүү сезими кийин чоңоюп эс тартканда дарыгерлик кесипти тандоосуна түрткү берсе керек.

Биз азыр гана элдик дарыгерлер деп атап, аларга ишенип, урмат-сый көрсөтүп калдык. Мурдагы заманда “өзгөчө касиеттүү” адамдарга ишенмек тургай, аларды кодулап, “жин-шайтан аралаган” деп да жүрбөдүкпү. Бирок ушул жерде бир тактап кое турган анык чындык бар. Элдик табыптарды бүбү-бакшы, чала сабат молдокелерден түп-тамырынан айырмалай билүүбүз парз. Анткени андай өзүн-өзү “көзү ачык”, касиеттүү атагандар үчүн бул акча табуунун гана булагы, алар жаны кейип карайлап тургандардын ишенимине кирип, пайда табууну гана көздөшөт. Биз ушул элдик медицина менен бүбү-бакшыларды айырмалай билүүгө тийишпиз.

Элдик медицина демекчи, дары чөптөр менен дарылаган табыпчылык, сынган, чыккан жерлерин ордуна келтирген сыныкчы, бейтаптарга дем салып айыктырган, балдардын “жүрөгүн көтөргөн” өзгөчө адамдар тээ эбактан бери эле бар болгонун жана болуп келатканын эч ким тана албайт. Мен дүйнөлүк жана башка элдерде кездешкен бул багыттагы белгилүү окумуштууларды айтпай эле, жеке турмушумда угуп-билгендеримди мисалга алайын. Өзүм жакындан көргөн Чүйдүн Кегетисиндеги Жуманалы табыпты, таластык Калык сыныкчыны эл жакшы билет жана алардын колунан айыгып, сынган жери бүтүп дегендей, дартына дабаа таап айыккандар толтура. Андан тышкары, элдик медицинаны догдурлук кесибинде пайдаланып элди дарылаган раматылык Автандил Кененбаевдин ысымын билгендер көп. Көп жыл Кемин районундагы Орловка шаарында врач болуп иштеген раматылык Автандил Кененбаев менен маектешкенимде, дарыгерликтин сырын ошол өзү дарылап жаткан бейтаптардан көп үйрөнөрүн айткан эле. Ал айрыкча орус улутундагы пациенттери менен баарлашып олтурганда, алардан дары чөптөрдүн түрлөрүн, кайсы чөп кандай дартка дабаа экендигин угуп, жазып алып, кийин өз практикасында колдончу экен. Балким ошондонбу, ал антибиотиктерди алган бейтаптарга артынан дары чөптөрдү ичүүнү сунуштаар эле.

Мына ошондой элдик дарыгер Чолпон Отонбаеванын бейтаптарды кабыл алган кеңсесине көз жүгүртсөң, ар түрдүү түстөгү дарылар куюлган кичинекей бөтөлкөлөрдү, төрдө жүк ордуна тиреле жыйылган шейшептерди көрөсүң. Алар — ага ишенип келген бейтаптардын канча экендигинин айкын далили. Ооба, ишеним деген зор нерсе тура, көрсө. Врачтар деле ишеним менен суу ичирип деле айыктырууга болорун танбайт.

— Мага келген бейтаптардын жаш курагы да, оорулардын түрү да ар түрдүү. Мени айрыкча кийинки кездерде жаш балдардын арасында кездешкен оорулардын көбөйүп баратканы катуу түйшөлтөт. Себептерин сурай келсең, балдарын эмдөөгө алып барбаган болот. Балдарды эмдөөдөн калтыруу — бул таптакыр туура эмес түшүнүк деп ойлойм. Ымыркайды сөзсүз түрдө тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөрүп туруу керек. Туура, 2020-жылдагы таажы вирусунун терс таасири ошол учурда жарык дүйнөгө келген наристелердин ден соолугуна залакасы тийбей койгон жок деңизчи, бирок өнүккөн медицинанын күчү гана ошол илдетти токтотконун танууга болбойт.

Мен бул жерде адамдардын диний ишенимине, динге көз карашына шек келтирип, бөлүп-жаргым келбейт, бирок бала баарына бирдей, бардык ата-эне балдарынын дени сак болушун каалайт жана ал үчүн кам көрөт. Андыктан, бала ооруп калганда эле жан далбастап чуркабай, ошол оорулардын алдын ала билишибиз керек. Мен айрыкча жаш ата-энелерге айтаар кеңешим – эч убакта балдарыңардын ден соолугуна кайдигер карабагыла, себеби улуу муундагы адамдарга караганда силер заманбап технологияларды тезирээк өздөштүрүп, керектүү маалыматтарды ар түрдүү булактардан окуп биле аласыңар. Адамдын биринчи байлыгы – анын ден соолугу. Өзүңдүн дениңдин сак болушу, акыл-эстүү, ден соолугу бекем баланы жаратуу өзүңөрдүн гана колуңарда, — дейт көп жыл Россияда элдик дарыгерлик менен алектенип келген элдик дарыгер Чолпон Отонбаева.

Медициналык билими бар дарыгердин башка табыптардан бир артыкчылыгы  – илдеттердин атын айтып биле алат. Чолпон айым өзүнүн дарылоо ыкмасында расмий медициналык дарылоону да четке какпайт. Чынында эле эгерде чөп дары менен рак илдетин айыктырса, анда элдин баары эбак айыгып кетпейт беле деген ал, онкология менен ооругандарды химиялык дарылануудан баш тартпоосун сунуштайт.

— Кийинки учурда кичинекей балдарда ЗПР — психикалык өнүгүүсү кечеңдөөсү, аутизм, ДЦП — балдардын церебралдык шал оорусу жылдан-жылга көбүрөөк кездешип жатат. Тагыраак айтканда, балдар кечирээк сүйлөп, мурда кездешпеген, медицинага бейтааныш оорулар менен жабыркап жатат. Ушулардын баары энеси кош бойлуу кезинде туура эмес витаминдерди, биокошулмаларды ичкенден улам болот. Мисалы, учурда кызамык жүрүп жатат, балдарды өпкөсү фиброз болуп калууда, ал негизинен өпкөгө өтө катуу суук тийгенден калган калдыгы болуп эсептелет. Андан тышкары, БЦЖны, остеомиелитке каршы эмдөөлөрдү сайдырбай, анын кесепетинен балдары жакшы баспай жатат.

Тилекке жараша, менин дарылоо курсумдун натыйжасында көп сүйлөй албаган балдар сүйлөп, баса албаган балдар басып кетүүдө. Менин жеке практикамдан кездешкен бир мисалды айта кетейин, бир бала сегиз жашка чейин такыр сүйлөбөптүр, врачтар аны такыр сүйлөбөйт деген экен. Азыр кыска-кыска сөздөрдү айтып сүйлөп калды, мен аны менен толук бир жыл иштедим, азыр окуп жүрөт. Мага кош бойлуу боло албай жаткандар да көп келет, — дейт Чолпон Алымсейитовна.

Анын дарылоо ыкмасы — келген бейтаптардын тамырын кармап, дартын аныктаган соң, дарылоо курсун баштайт. Таптаза бөлмөнүн ичиндеги жайнаган гүлдөрдүн курчоосунда  бейтаптарды кабыл алып олтурганын көргөндө, кээ бир адамдар таң калганын жашырбайт. Кээ бири эмне үчүн жоолук салынбаганына кызыкса, кээ бири ушунун баары шрик эмеспи деп такып сурайт. Бул эми адамдын мүнөзүнө, дүйнө таанымына, көкүрөктөгү ишенимине жараша болсо керек.

Айтмакчы, Чолпон Отонбаева Россиянын Тюмень облусунун Пуров районундагы Пурпе кыштагында 25 жыл жашап, иштеп келген. Ал жактагы калктын бизден бир жакшы жери -оорунун кичине эле бир белгиси башталса келип дарылана баштайт, а бизде болсо оору өөрчүп-өнүгүп кеткенден кийин келишет да, кичине жакшы болуп келатканда эле келбей коюшат. Ал жактагы жана биердеги ишинин натыйжасы, тагыраак айтканда, айыктырган бейтаптарынын билдирген ыраазычылыгын окуп олтуруп, ырасында эле өзгөчө касиеттүү адам экендигине ынангандай болосуң. Айрыкча, жубайлар Михаил жана Ританын 2015-жылы жазган пикирин окуганда, бир башкача сезимге чулганасың. Мына, төмөндө алардын жазганын өзгөртүүсүз келтирейин: “Наверное, мы чем-то заслужили перед Богом встречу с Вами. Наш сын Савелий родился с дефектом межпредсердной перегородки, т.е. с дыркой на сердце, выход – операция, на голове гемангиома – мягкая шишка, тоже операция. Но к счастью, мы встретили Вас и наш ребенок стал меняться на глазах: шишка уменьшилась очень быстро, улучшился аппетит и активность. В итоге сердце становилось здоровее… А наша дочка Полина 4 не полных года у ребенка началось половое созревание… Вы сказали в 4 года у нее был организм 13 летней девочки. Медики такое явление называют преждевременным старением организма… И конечно медицина бессильна, медицина – но не Вы! Вы все сильны. И я уверена, если человек способен на такое, то Бог отдал ему частичку себя, чтобы такой человек как Вы спасал нас и наших детей…”.

Биз жогоруда белгилеп өткөндөй, Чолпон Алымсейитовнанын кесиби гинеколог болгондуктан, перзенттүү боло албай жүргөн түгөйлөргө көп жардам берет. Ал кечээ жакында эле 51 жаштагы аялды төрөтүп, эми телефондон ага бала бакканды, бала эмизгенди үйрөтүп жатканын айтып жылмайды…

Мен Чолпон Отонбаева менен маектешип олтуруп, жасаган дарылары, деги эле адамдарды кабыл алуу үчүн расмий уруксааты жөнүндө кызыгып сурадым.

— Албетте, дары жасоо, бейтап адамдарды кабыл алуу – өтө чоң жоопкерчилик. Демек, буга ошондой эле жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасоо керек. Менде керектүү бардык документтер, керек болсо эл аралык деңгээлдеги лиценциям бар, андан тышкары патент төлөйм. Биздин тармактагы адистер мендеги энергетикалык биоталаага төртүнчү даража ыйгарышкан. Мындан жогору азырынча жокко эсе. Алла-Таала ыроологон касиет өзүнчө деңизчи, мен диплому бар дарыгер болгон соң, дүйнөлүк медицина жаңылыктарынан артта калбоо үчүн ар дайым үзбөй изденип окуп, үйрөнгөндөн тажабайм. Жыл өткөн сайын адамдын биополеси көбөйөт, жанагы азаят экен деген натуура, алар балким ачкөздүккө жол берип, алкымын чоңойтуп, текебер болуп баратса, кудай таалам касиетин алып коет деп ойлойм, — деген ой-пикири менен бөлүштү.

Эки уул, бир кыздын мээримдүү энеси, неберелеринин камкор чоң энеси Чолпон айым адам үчүн элүүдөн кийинки жашоо кызык жашоо болорун, айрыкча, небере көргөнгөн кийин жашоонун баалуулугу күчөрүн, бизге энергия берген ошол неберелер экендигин айтып сөзүн аяктады.

Чолпон Отонбаева менен байланышууну каалагандар үчүн,  0508 559 559 (администратор Отонбаева Анара)

 

 

Айна АМАНОВА,

Бишкек шаары.