Бу жергиликтүү чиновник кадрдык ротациянын эпкини менен Ысык-Көл районунун акимдигинен Ноокат районунун башчылыгына которулуп барган. Биз район башчысына интернет аркылуу азын-оолак собол салдык.
— Данир мырза, Ысык-Көлдөн Ошко орун которуштургандын артыкчылыктары болот бекен? —
Албетте, болот! Бул жакта жер башка, эл башка дегендей. Мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчүлүктөрү башка.
— Жыйым-терим бүттү да. Алдыда районго эмне иш кылууну максат кылып жатасыз?
— Ооба, күзгү оруп-жыйноо өнөктүгүн бүтүрүп алдык. Түшүмдүүлүк Кудайга шүгүр жаман эмес! Учурда күздүк себүү жана кышка даярдыктарды көрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары бизге жыл башында коюлган милдеттерди жана пландарды аткарууну, экономикалык көрсөткүчтөр, жарандардын астындагы милдеттер, инвестиция тартууда иштерди жүргүзүү боюнча пландардын үстүндө алпурушуп жатабыз.
— Кайра мурдагы орунуңузга которулууну ойлонуштура элексизби?
— Ойлонуштура элекмин. Менин милдетим мойнумдагы жоопкерчиликтүү милдетти абийирдүүлүк менен аткаруу болуп саналат. Мен үчүн Президентибиздин райондогу өкүлү катары мыйзам чегинде берилген бар укуктарымды пайдаланып, мамлекеттик кызматкер катары иштөө гана турат. Ошол максаттарды ишке ашырышыбыз керек. Ушул багыт менен иштеп, коюлган тапшырма, пландарды аткарып, районго жакшы иш кылуу менин асыл максаттарымдын бири.
№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ