Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” Чокморова Үмүткан Жусуповна 1982-жылдардан бери саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Коомубузда ак эмгеги менен кадыр-барк күтүп, өзү жетектеген жамаатын бийиктиктерге, ийгиликтерге жетелеген Үмүткан айымды ким болбосун сый-урмат көрсөтүп, баалашат.
Үмүткан айым менен болгон маегибизде мамлекетибизде
ВИЧ/СПИД жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди алдын алууда аткарылган иштер, учурдагы аракеттер туурасында баарлаштык.
— Үмүткан айым, учурда гепатиттин “В” түрүнө каршы пилоттук эмдөө коомчулуктун колдоосуна ээ болуп, калк саламаттыгын жакшыртууда натыйжалары көрүнүп калды. Сөзүбүздү ушул нукта баштасак?
— Кыргыз Республикасы Чыгыш Европа жана Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп 23 жаштан баштап гепатиттин «В» түрүнө каршы пилоттук эмдөөнү 2022-жылдын 15-декабрынан баштап жүргүзүп жатабыз. “Дарттын алдын алуу-айыкканга тете” дегендей гепатит оорусунун “В” түрүнүн алдын алуу үчүн эмдөө алууңуздарды сунуштайбыз. Бул эмдөө гепатиттин “В” жана чогуу жүргөн “D” түрүнөн дагы сактайт.
Мындан 3 жыл мурун башталган ушул иш-чарабыз азыр дагы элдин көз кырында болуп, ал ишти ийгиликтүү улантып жатабыз.
Биз 2024-жылы эл аралык уюмдардын колдоосу менен вирустук гепатиттердин таралышын баалоого жана жугуунун негизги тобокелдиктерин аныктоого багытталган чоңдор жана балдар арасындагы вирустук гепатит боюнча серологиялык изилдөө башталгандыгын жарыяладык. Кыргызстандагы бардык жашоочуларды изилдөөдөн өтүүгө массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылганбыз. Азыркы мезгилде коомчулук ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгына кызыгып, көп суроолорду берип жатышат. Серологиялык изилдөө үчүн 6090 кожолук тандалып алынып бардыгы 7885 адам камтылды, анын ичинен 5 -17 жашка чейинки изилдөөгө камтылган 2646 балдардын арасынан 19 гепатиттин “В” жана 9 балада гепатиттин “С” түрү аныкталды. Изилдөөдө камтылган 5239 чоң адамдар арасынан 1841 адамдан гепатиттин “В” жана 161 адамдын арасынан гепатиттин “С” түрү аныкталып, жыйынтыктары тастыкталып, каттоого алынып, дарыланууга камтылышты. Жугуу жолдорунун окшоштугун эске алып республика боюнча облустук, шаардык СПИД борборлорунун базасында жана аймактык ооруканалардагы ВИЧ-инфекциясын жана гепатиттин ”В” жана “С” түрлөрүн аныктоочу жалпысынан 33 лабораториялык потенциалыбызды жана СПИД оорусу менен ооруган оорулууларды мамлекеттик каржылоонун эсебинен гепатиттин “В” түрүнө каршы эмдөө жана гепатит оорусунун “В” жана “С” түрлөрү менен ооругандарды дарылоо тажрыйбаларыбыз максаттуу пайдаланылууда. Бизге кан аркылуу жугуучу гепатитке каршы күрөшүү кызматын кошуп бергенине 2 жыл 5 айдын жүзү болду. Ошондон бери ушул балекеттүү дарттардын алдын алып, болтурбай коюу үчүн биздин команда иштеп жатат. СПИД жана гепатит ооруларында узак убакытка чейин оорунун белгилери билинбей, көпчүлүк учурда СПИДдин акыркы стадиясына жана боордун рак жана цирроз ооруларына жеткенде аныкталууда. Бардык жарандарды бир жылда бир жолу ВИЧ-инфекциясына жана кан аркылуу жугуучу гепатиттин В,С жана Д түрүнө текшерилип туруусун суранабыз.
— Үмүткан Жусуповна, ВИЧ инфекциясы менен гепатит оорусунун алдын алуу боюнча 2030-жылга Глобалдык максаттар коюлган жана ал максатка жетүү үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
— ВИЧ инфекциясы жана кан аркылуу жугуучу гепатит оорулары бир эле биздин Кыргызстанда эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө адам баласынын ден соолугун көзөмөлдөөдө актуалдуу маселелердин катарында чоң көйгөйлөрдү жаратып келе жатат. Бүгүнкү күнү негизги максатыбыз – ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандарды эрте аныктоо жана алар ооруну башкаларга жуктура электе дарылоону эрте баштоо.
2015-жылы 25-сентябрда ООНдун башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюциясында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын бири катары дүйнө коомчулугуна 2030-жылга СПИД, кургак учук, безгек жана гепатит ооруларынын бир дагы жаңы учуру катталбасын деген максат-милдеттенмелер коюлган. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн ЮНЭЙДС (Бириккен улуттар уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасы) Эл аралык уюму тарабынан 95:95:95 стратегиясы кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө алдын ала маалымдоочу “СПЕКТРУМ” программасынын негизинде 12000 ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчү тирүү адамдар жашайт. Бул стратегиянын негизинде 2026-жылга:
ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн 95 пайызы өзүнүн статусун билиш керек, биз 9034 адамды же 82%ын аныктадык. Биз дагы 2000ге жакын вирусту алып жүрүүчүлөрдү табышыбыз керек.
l ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн 95 пайызы дарыланууга камтылыш керек, биз тапкан 9034 адамдын ичинен 6357си же 70%ы дарылоого камтылды.
l Дарыланып жаткандардын 95 пайызы ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн канынан вирустун саны аныкталбашы керек. Азыркы учурда 6357 даарыланууга камтылгандардын ичинен 5791де вирустун көлөмү аныкталбайт, биз 91%га жеттик.
Бул максаттарга жетүүдө көптөгөн тоскоолдуктар болот, алсак:
— өзүнүн анализинин жыйынтыгын укканда өзүн-өзү кодулоо,
— жыйынтыгына ишенбестик пайда болот да, көпкө чейин борборго келүүдөн баш тартышат,
— жашаган жерин өзгөртүшөт, же анализ тапшырууда туура эмес дарек айтып коюшат.
— Убакытты өткөрүп жиберишип, акыркы терминалдык СПИД стадиясына жеткенде кайрылышат (кошумча оорулар: кургак учук, гепатиттер ж.б.оорулар пайда болот), көпчүлүгү өлүмгө дуушар болушат.
— Медициналык кызматкерлер жашаган жерине бир нече жолу барууга туура келет, дарылануудан баш тартышат.
— Бул стратегияга жетүү үчүн бизде кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
— 2021-жылы КР мамлекети ООНдун Генералдык Ассамблеясынын 95-95-95 стратегиясына жетүү милдеттенмесин кабыл алдык.
- Мамлекеттик каржылоонун 2016-жылдан бери көбөйүшү, бүгүнкү күнү ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдү аныктоочу тест-системалардын жана дарылоочу (АРТ) антиретровирустук дарылардын 80%ы мамлекеттин эсебинен каржыланат жана вирустук гепатиттин «В» түрүнө каршы эмдөө, эмдөөнүн алдында жүргүзүлө турган вирустун канда гепатиттин В вирусу бар экендигин аныктай турган Экспресс-тестирлөө (ЭТ), лабораториялык аныктоо жана дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылдан баштап акысыз жүргүзүлүүдө.
- ВИЧ-инфекциясы аныкталаары менен дарылоону баштоо зарыл. Белгилей кетчү жетишкендиктердин бири – бул ыкманын негизинде ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын ден соолугунун оңолушу, узак жашоосу, өнөктөшүнө жана боюнда бар кезде түйүлдүккө ВИЧ-инфекциясын жуктуруу коркунучунун азайышы болуп саналат.
- Боюнда бар аялдарды 2021-жылга чейин өнөктөшү менен бирдикте бир жолу каттоого турганда ВИЧке текшерилсе, азыркы учурда ВИЧ-инфекциясы балдардын арасында катталып жаткандыгын эске алып, 2 жолу текшерүүнү (биринчи жана үчүнчү үч айлыгында) 2021-жылдан баштап киргиздик. Эгер аял каттоого турбай төрөткө келсе, чыпалактан кан алып тестирлөө жүргүзүлөт жана оң натыйжа чыкса, АРТга кошуу үчүн бардык төрөт бөлүмдөрү экспресс тесттер, эне жана ымыркай үчүн АРВ
(антиретро вирустук) дарылар менен камсыз кылынган. Биздин эң чоң ийгиликтерибиздин бири – ВИЧ-инфекциясын энеден балага берилүү жолун болуп көрбөгөндөй азайтканыбыз болду. Мындан 10 жыл мурун энеден балага берилүү жолу 39 пайызды түзсө азыр 2,4 пайызга түшүрдүк. ВИЧ инфекциясы менен жашаган ата-энелерден таза балдар төрөлүп жатат. Эгерде жубайлардын бирөөсү ооруп жатса, бирөөсүнө жукпайт. Бул биздин мекемелерибиздин заман талабына жараша иштеп жаткандыгынын далили десек болот. - Аялуу топтордун арасында алдын-алуу программалардын иштеши:
l Кыргызстанда 24 метадон менен алдын алуучу пункттар бейөкмөт уюмдарда, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жана Мамлекеттик жазаны аткаруу мекемесинде иштеп жатат. Бүгүнкү күнү 800-950 баңги затын ийне аркылуу колдонгон адамдар метадон программасына камтылган.
l бейөкмөт уюмунун 19 базасында колдонулган шприцтерди алмаштыруучу пункттар иштеп жатат.
l 19 бейөкмөт уюмдарынын базасында аялуу топтордун арасында ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдү шилекейден аныктоо ыкмасы киргизилди.
- Лабораториялык жол менен тастыктоо мөөнөтү кыскартылды, мурда 2 ай ичинде жыйынтыгы чыкса, бүгүнкү күндө 1 күн ичинде жыйынтыгы берилет.
- Электрондук система (ЭС) толук киргизилди, булар электрондук карта, лабораторияда электрондук каттоо жана жыйынтыгын электрондук форматта берүү.
- ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдү эрте аныктоо үчүн жаңы ыкмалардын киргизилиши:
l чыпалактан кан алып экспресс-тест менен аныктоо үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана жалпы дарыгерлер борборлорунда киргизилди.
l Эл аралык уюмдардын каржылоосу менен 2022-жылдан тарта өзүн-өзү тестирлөө ыкмасы менен ВИЧке тестирлөө киргизилген. Азыркы учурда hivtest платформасы аркылуу НЕМАН аптека пунктарынын филиалдарында жана атайын орнотулган Таштаматтарда тесттер таратылат. 2023-жылы баары болуп 5365 адам өзүн-өзү текшерүү ыкмасы менен ВИЧке тестирлөөдөн өтүп, анын ичинде 31 адамда оң натыйжа аныкталган.
— Кайсы нормативдик документтердин негизинде иштер жүргүзүлүп жатат?
— АИВ-инфекциясы жаатындагы мамлекеттик саясат көп сектордук мамилеге негизделген. Азыркы учурда “ВИЧ/СПИД жөнүндө” Мыйзам кайра каралып чыгып, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө», «Калктын саламаттыгы жөнүндө» мыйзамдарга интеграцияланган. Министрлер Кабинетинин алтынчы «Кыргыз Республикасында 2026–2030-жылдарга ВИЧ-инфекциясын жана вирустук гепатиттерди жоюу боюнча мамлекеттик программасы» иштелип чыгып, жылдын аягына чейин мамлекет тарабынан бекитилет. Бул программада адамдын иммунодефицит вирусунан (АИВ-инфекциясы) пайда болуучу өнөкөт оорулардын жана вирустук гепатиттердин жайылышынын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты, милдеттери жана негизги багыттары аныкталган. Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы каралууда. Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, административдик ведомстволоруна, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иш-чаралар планын аткаруу милдеттендирилген.
— Мамлекеттик саясатты координациялоо кимге жүктөлгөн?
— АИВ-инфекциясын жеңүү маселелери боюнча министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандык коом мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин координациялоону жана оптималдаштырууну күчөтүү үчүн КР Министрлер Кабинетине караштуу АИВ/СПИДге, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин координациялык кеңешинин иши КР Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча коомдук координациялык кеңештин ишине интеграцияланган.
— ВИЧ жана СПИД терминдерин чечмелеп, айырмалап берсеңиз?
— ВИЧ (АИВ) – адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу, бул оорунун козгогучу болуп эсептелинет. Вирус канда, спермада жана кын суюктуктарында аябагандай көп өлчөмдө болот, ал эми шилекейде, терде, заарада, көз жашта жана башка суюктуктарда аз өлчөмдө болот.
СПИД (КИЖС) – кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому (синдром – оорулардын белгилеринин комплекси), бул оорунун акыркы терминалдык стадиясы.
— Үмүткан Жусуповна, ВИЧ-инфекциясынын бүгүнкү күндөгү абалы кандай?
— ВИЧ/СПИД дүйнө жүзүндө күч алып, чагылган сыяктуу тез таркап жатат. Окумуштуулардын маалыматы боюнча бир күндө 16000, минутасына 11 адам ооруну жуктуруп алууда. Дагы бир өкүнүчтүү жагы, бул оору продуктивдүү эмгекке жарамдуу калктын катмарына таралып жаткандыгында. “Бул оору менен оорубайм” деп эч ким кепилдик бере албайт, оору жашына, бийлигине, байлыгына, улутуна карабайт, баарыбызга бирдей коркунуч бар. Республикада алгач бул оору 1987-жылы катталган. 1987–1996-жылга чейин учкучтарды даярдоочу аскердик окуу жайына Африкадан жана башка өлкөлөрдөн келип окугандардан, доктор Назаралиевдин клиникасына келип дарыланышкан баңгиден жапа чеккен чет элдик жарандардан катталып келген, биз 1996-жылга чейин өз атуулдарынан СПИД оорусу катталбаган бирден-бир өлкө болуп келгенбиз.
2025-жылдын 1-майына карата бардыгы – 14722 ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөр катталды, анын ичинен КРнын жарандары – 13852, 1454ү СПИД стадиясындагылар, 3623 киши каза болду, 870 чет элдик атуулдар, 784ү балдар. Бул оору бардык региондордо катталууда: Жалпы катталгандардын ичинен Бишкек шаарында – 3890 учур (27,3 %), каза болгону 550, Ош облусунда – 3475 (25,1%), каза болгону 1057, Чүй облусунда – 3435 учур (26,4%), каза болгону – 1318, Жалал-Абад облусунда – 1586 учур (11,4%), каза болгону – 440, Ысык-Көл облусунда- 573 учур (3,6%), каза болгону – 99, Баткен облусунда – 369 учур (2,7%), каза болгону-84, Нарын облусунда – 303 учур (2,2%), каза болгону – 73, Талас облусунда – 221 учур (1,3%), каза болгону – 49.
Жынысы боюнча: эркектер – 62,6%, аялдар – 37,4% түзөт.
Жугуу жолдору боюнча: жыныстык жол – 62%, кан аркылуу жугуу жолу – 30,7 %, энеден балага берилген жолу 2,3%, такталбагандар 4,9% түзөт.
Этияттыктын жетишсиздиги жана өз ден-соолугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылуу ВИЧ-инфекциясынын жыныстык жол аркылуу таралышына өбөлгө түзүүдө. Жыл сайын жаңы аныкталган учурлардын арасында 2017-жылдан 2024-жылга чейин 73%дан 79,9%га өскөн. Ал эми парентералдык (инъекциялык наркотиктерди колдонгондо) жол менен 2017-жылдан 2024-жылга чейин 25%дан 1,7%га чейин азайган.
— ВИЧ-инфекциясы жана гепатит ооруларын козгогон вирустар тууралуу айтып берсеңиз?
— ВИЧ-инфекциясын козгоочу вирус адамдын организминде гана жашайт жана көбөйөт. ВИЧ ар кандай биологиялык суюктуктарда, мисалы, канда, спермада, вагиналдык секрецияда жана эмчек сүтүндө кездешет. Бирок ал кан, урук, кындын секрециялары жана эмчек сүтүндө жашоочу вирус болуп саналат. Ал денеден тышкары жашай албайт жана аба менен байланышта же жогорку температурада тез өлөт, сырткы чөйрөдө туруксуз. 56 градуста 30 мүнөттө өлөт, жугушсуздандыруучу каражаттар (хлорамин, НГК ж.б.) бат өлтүрөт. Климаттык шартка жараша, адамдын организминe жараша өзгөрүп турган вирус, ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин дарысы табылбайт.
Кан аркылуу жугуучу гепатиттин В,С жана Д вирустары:
“В” гепатитинин вирусу тышкы чөйрөдө туруктуулугу менен айырмаланат. Ал кургатылган канда, устарада же ийненин учунда бир жумадай жашай алат.
“С” гепатитинин вирусу тышкы чөйрөдө туруксуз. Ал 50°Сге чейинки температурага чыдамдуу, бирок жогорку температурада органикалык эриткичтердин, УК нурлануунун жана жалпы дезинфекциялоочу каражаттардын таасири астында инактивацияланат. “Д” гепатит вирусу тышкы чөйрөдө да туруксуз. Ал жогорку температурада, Күн нуру жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасири астында өлөт.
— ВИЧ/СПИД жана кан аркылуу жугуучу гепатиттердин жугуу жолдору кандай?
— Жугуунун 3 жолу бар:
- Жыныстык катнаш аркылуу: презервативсиз, туш келди жыныстык катнаш аркылуу жана эркек менен эркектер жыныстык катнашка барганда жугат.
- Кан аркылуу оорулууларга текшерилбеген донордун каны куюлганда, жугушсуздандырылбаган медициналык аспаптар аркылуу, медициналык эмес аспаптарды колдонууда (балдарды сүннөткө отургузууда, татуировка жасоодо, чач тарачтарда кайчы, маникюр аспаптары, сакал алгычтарда, сулуулук салондорунда ж.б. жабдуулардан) жугат.
- ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган энеден балага: боюнда барда, төрөт учурунда, эмчектин сүтү аркылуу жугат.
Башка учурларда: учурашууда, тамак ичкенде, идиш-аяк аркылуу, мончодон, саунадан, курт-кумурска аркылуу жукпайт.
— Оорунун биринчи белгилери кандай болот?
— Оорунун биринчи белгилери эки ооруда тең көпкө чейин билинбейт, ошондуктан бекеринен ырайымдуу өлтүргүч (ласковая убийца) атка конбосо керек.
ВИЧ-инфекциясында адамды сыртынан карап, анын оорулуу экенин айтуу кыйын, бир гана лабораториялык жол менен аныкталат. Эгер ден-соолугу чың адам вирусту жуктуруп алса 5-10 жылга чейин оорунун белгилери билинбей жүрө бериши мүмкүн, булар башка адамдарга жуктуруу коркунучу бар, булар вирустун алып жүрүүчүлөрү болуп саналат. Ал эми өнөкөт оорусу барларда оорунун белгилери эрте эле башталат. Вирус организмге киргенден кийин адамдын иммунитет чыгаруучу клеткаларын жабыркатат, бара-бара иммундук клеткалардын сырткы чөйрөдөн кирген микробдорго каршы күрөшүү функциясы жоголот.
Адамдын иммунитети начарлай баштайт. Оорунун биринчи белгилери: узак убакытка 1-1,5 айга чейин эти ысып, башы ооруп, ичи өтөт. Тамак, колтук бездери жумуртканын көлөмүнө чейин чоңойуп, адам кайсы оору менен ооруп жүрсө ошол оорулары күчөйт жана сырттан ар кандай жугуштуу ооруларды бат жугузуп алат (кургак учук, онкологиялык оорулар, сарык оорулары, сасык тумоо ж.б.). Организмдеги иммундук клеткалар жабыркагандан кийин оорунун бардык белгилери: кургак учук, рак, стоматит пайда болуп, денеге жаралар чыга баштайт, акыл-эси начарлайт. Акыры адам бул оорулар менен күрөшө aлбай төшөккө жатып калат. Гемоконтакттык вирустук гепатиттин (В, С, D, G) алгачкы белгилери спецификалык эмес болушу мүмкүн жана чарчоо, алсыздык, аппетиттин жоголушу, жүрөк айлануу, оң жак гипохондриядагы оору, ошондой эле заара менен заңдын түсүнүн өзгөрүшүн камтыйт. Сарык (тери менен склеранын саргайышы) көбүнчө кийинчерээк пайда болот, бирок жок болушу мүмкүн.
— Ооруган адамдар канчага чейин жашайт, аларды кантип дарылайсыздар?
— Бул оору жаңы каттала баштаганда жана анын дарысы жок кезде вирусту жуктуруп алгандар эрте эле каза болушчу. Ошондуктан “СПИД-ХХ кылымдын чумасы” деп элдердин арасында айтылып келген. Бүгүнкү күнү бул узакка созулган өнөкөт оору болуп саналат. Дарылоо үчүн антиретровирустук (АРВ) дарылар колдонулат, бирок бул дары вирустун өзүн өлтүрбөйт, ал кандын составындагы иммундук клеткалардын ичине кире элек, бош жүргөн вирустардын кыймылын азайтып, алардын иммундук клеткаларга жабышуусуна тоскоолдук кылат. Бул дарылар бекер берилет жана бардык анализдер бекер жасалат, дарылар жетиштүү санда, 3-4 жыл мурун 7-8 таблеткадан ичишсе, бүгүнкү күнү илимдин өнүккөндүгүнө жараша бир күндө бир гана таблетка ичишет. Ооруну жуктуруп алган адамдын аз же көп жашашы бир гана өзүнө жараша болот. Мисалы, АРВ-дарыларды убагында ичпей, өзүн-өзү карабаса өлүм алыс эмес. Эгерде вирусту жуктуруп алган адам спорт менен машыгып, калориялуу тамак ичип, өзүн-өзү карап, тамеки чекпей, арак ичпей, жаман жолдорго барбай, оорулардан сактанып жүрсө, дарысын убагында ичсе көп жыл жашайт.
— ВИЧ/СПИДге кимдер текшерилет?
— Текшерилүүнүн түрлөрү бар, булар:
1-милдеттүү медициналык текшерилүү, чет элдик атуулдар, донорлор, медициналык кызматкерлер.
2-ыктыярдуу, ден соолугуна кайдыгер карабаган инсандар өз ыктыяры менен барып, текшерилип турушат.
3-мажбурлоо түрү – тергөөчүнүн, прокурордун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде ВИЧке текшерилүүгө көрсөткүчү бар контингенттер текшерилет: баңгизатын колдонуучу адамдар, туш келди жыныстык катнашка баргандар, венерикалык оорулуулар, боюнда бар аялдар, түрмөдө жана убактылуу кармоочу жайда жаткандар, кургак учук, онкологиялык, гепатит, өнөкөт оорулар менен ооруган чоң адамдар жана балдар, медициналык мекемелерде кырсык учуруна кабылган медициналык кызматкерлер, ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөр менен катнаш болгондор жана жогорудагы оорулардан каза болгондордун айланасындагы адамдар тапшырышат.
Медициналык кызматкерлер анализ алаардан мурда аңгемелешүү жүргүзүп (тестке чейинки) ВИЧ боюнча кеңири маалымат берип, “жыйынтык оң же терс болушу мүмкүн” деп айтып, анализ тапшырган адам кандай жыйынтык болбосун даяр болуусуна кам көрөт. Жыйынтыгы чыккандан кийин кайра (тесттен кийинки) аңгемелешүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы угузулат. ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчү деп аныкталса өзүн кандай алып жүрүү керектиги, жакындарын кандай сактоо керек экендиги туурасында маалыматтар берилет. Ал эми терс белги болсо, 3 aйдан кийин кайра текшерилүү керектиги айтылат.
— ВИЧ-инфекциясын жана гепатиттин алдын алуу үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
— ВИЧ-инфекциясы боюнча:
— ВИЧти алып жүргөн энеден төрөлгөн ымыркайдын согончогунан кан алып текшерүү ыкмасы киргизилди. Бул ымыркайда ВИЧ-инфекциясы бар же жок экенин биринчи 48 саатта эле аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
— Акыркы эки жылдын ичинде өзүн-өзү тестирлөө, катнашка чейинки алдын алуу ыкмасы,
— боюнда бар аялдарды ВИЧ-инфекцияга 2 жолу (биринчи жана үчүнчү үч айлыкта) текшерүү,
— бейөкмөт уюмдардын базасында дарылоо жана бардык стационарларда кан аркылуу экспресс тестирлөө ыкмалары киргизилди.
Республика боюнча Россия Федерациясы тарабынан гуманитардык жардам катары берилген 9 мобилдик клиника иштеп жатат. Клиниканын негизги максаты алыскы региондордо жашагандардын, аярлуу топтордун жана мигранттардын арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү жана жугуштуу ооруларды эрте аныктоо болуп саналат. Бул клиниканын ичинде УЗИ, ЭКГ аппараттары, акушердик керебет, аспаптары менен жана лабораториясы бар. Манжадан алынган кандан бир убакта 4 инфекцияны: ВИЧти, вирустук гапатиттин В жана С түрүн жана сифилис оорусун аныктаса болот.
Мобилдик клиниканын аркасы менен 2016-жылдан бери 132 326 киши экспресс-тест менен текшерилип, анын ичинен 31 ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөр, 4795 гепатит оорусунун “В” түрү жана 1368 “С” түрү, 1159 сифилис оорусу менен ооругандар аныкталып, андан ары тастыкталып, бүгүнкү күндө тийиштүү дарыларын алышууда.
Вирустук гепатит ооруларынын алдын алуу үчүн көптөгөн аракеттер жүргүзүлүп жатат. Кыргыз Республикасында Чыгыш Европа жана Орто Азия өлкөлөрүндө биринчилерден болуп гепатиттин В түрүн алдын алуу үчүн чоңдор арасында 2023-жылдан тарта ыктыярдуу акысыз эмдөө жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 1-майына карата эмдөөнүн 1-дозасын – 255 818, 2-дозасын – 217 572, 3-дозаны – 171 312 адам алышты.
2023-2024-жылдар ичинде 2025-жылдын 1-майына чейин республика боюнча вирустук гепатиттерге 1 817 034 акысыз анализдер жасалып, анын ичинен вирустук “В” гепатитине – 911 159 адам текшерилип, 30 874 адамда вирустук В гепатити аныкталган, вирустук “С” гепатитине 905 875 адам текшерилип, 16 983 адамда оң жыйынтык аныкталган. Вирустук “В” гепатити менен – 4725 бейтап, вирустук “D” гепатити менен – 2497 бейтап дарылоону баштады, ал эми вирустук “С” гепатити менен – 5857 бейтап дарылоону баштап, анын ичинен 3689у айыккан. Ар бир оң белги аныкталганда райондук, облустук, республикалык санэпидкөзөмөлдөө борборлоруна шашылыш билдирүү берилип, алар тарабынан жаңы учур же өнөкөт оору экендиги такталат.
- Андан тышкары гепатит менен ооруган адамдарга ЭТ, вакцинация, лабораториялык анализдер (ИФА, ПЦР), дарылоо мамлекеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүнө байланыштуу бекер жүргүзүлүүдө, ошондой эле боорду эластографиялоо (фиброскан) үчүн үч аппарат сатылып алынды, азыркы учурда адистер окутулуп, изилдөөлөр жүргүзүлүүдө (Бишкек, Ош, Жалал-Абад шш.).
2024-жылы вирустук гепатиттердин таралышын баалоого жана жугуунун негизги тобокелдиктерин аныктоого багытталган чоңдор жана балдар арасындагы вирустук гепатит боюнча серологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Серологиялык изилдөө үчүн 6090 кожолук тандалып алынып, бардыгы 7885 адам камтылды, анын ичинен:
5 -17 жашка чейинки изилдөөгө камтылган 2646 баланын арасынан 19 балада гепатиттин “В” жана 9 балада гепатиттин “С” түрү аныкталды.
Изилдөөгө камтылган 5239 чоңдор арасынан 1841 адамдан гепатиттин “В” жана 161 адамдын арасынан гепатиттин “С” түрү аныкталып, жыйынтыктары тастыкталып, учетко алынып, дарыланууга камтылышты.
— Кайсы жерде каттоого туруп ЭТ вакцина, лабораториялык анализдерди жана дарыларды алыш керек?
— Алыскы аймактарда жашаган ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдар убагында дарыларга жана анализ тапшырууга келе албай, үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 2016-жылдан баштап үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна врачтар окутулуп өткөрүп берүү башталган, бирок көпчүлүк оорулуулар жашаган жерине каттоого туруп дарылануудан жана кан тапшыруудан баш тартышып врачтар, тааныштар, туугандар билип калат деген шылтоо менен облустук жана республикалык СПИД борборлоруна кайрылышат.
Гепатит оорусуна каршы жарандарыбыз жашаган дарегине караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан ЭТ, вакцинация, бардык анализдерден өтүп, көрсөткүчү бар болсо, ошол жерден эле дарыланууда, дарылар дагы жетиштүү санда. Врачтардын гепатит оорусу менен ооругандарды дарылоо боюнча тажырыйбасы жок болуп, бардык ҮДБда гепатолог врачтар жок болгондугуна байланыштуу башталышында бир топ кыйынчылыктар болду. Бүгүнкү күнү клиникалык протоколдор иштелип чыгып, врачтар окутулду.
Эмдөөнүн негизги максаты-сактануу жана дарттын алдын алуу. Ковидден сактануу үчүн эл арасында кеңири түшүндүрүү иштери абдан жогорку деңгээлде жүрбөдү беле. Биз дагы кан аркылуу жуга турган илдеттерге бөгөт коюу максатында дал ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аракетин көрүп жатабыз. Эл аралык долбоорлордун колдоосу астында бардык аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.
— Ооруну кандайча токтотууга болот жана кантип алдын алуу керек?
— Ооруну токтотуп калуунун бирден-бир куралы бул – маалымат. Элге тынбай маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзө берүү керек. Оорукана ичинде ВИЧ-инфекциясынын, гепатит оорусунун «В», «С» түрлөрүнүн медициналык аспаптар аркылуу тарашынын алдын алуу максатында колдонулган аспаптардын туура жугушсуздандырылышына, жууп-тазаланышына, стерилизация болушуна жана донордун канынын жогорудагы инфекцияга текшерилбей куюлушуна, ВИЧ-инфекцияга текшерилүүгө көрсөткүчү бар контингенттердин толук текшерилүүсүнө катуу көзөмөл жүргүзүлөт.
Жогоруда белгилегенимдей СПИД оорусуна каршы күрөшүү, бир гана медициналык кызматкерлердин жумушу эмес, жалпы коомчулук бирдикте иш алып барышыбыз зарыл. Облустарда облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы ВИЧ, кургак учук жана безгек боюнча координациялык комитеттердин иштерин жандандыруу керек.
— Маанилүү маегиңиз үчүн Сизге чоң рахмат. Жоопкерчиликтүү зор иштериңизди ийгиликтер жылоолой берсин!
Биз жогоруда кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Чокморова Үмүткан Жусуповна менен учурда көйгөйлүү дарт менен күрөшүүдө кандай иш-чаралар жүрүп жаткандыгы туурасында маек курдук. Аталган борбордо ушул дарттын алдын алып сактануу үчүн мамлекетибиздин жарандары менен олуттуу, маанилүү аракеттер болуп жатканы коомчулугубузга маалым. Үмүткан айымга, коллективине ийгиликтерди каалайбыз. Элибизди ушул дарттардан сактоодо жалпы жамааты менен бирге опол-тоодой аракеттерди жасай бере тургандыктарына ишенебиз.
Биз 2024-жылы эл аралык уюмдаардын колдоосу менен вирустук гепатиттердин таралышын бааалоого жана жугуунун негизги тобокелдиктерин аныктоого багытталган чоңдор жана балдар арасындагы вирустук гепатит боюнча серологиялык изилдөө башталгандыгын жарыяладык. Кыргызстандагы бардык жашоочуларды изилдөөдөн өтүүгө массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылганбыз. Азыркы мезгилде коомчулук ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгына кызыгып көп суроолорду берип жатышат. Серологиялык изилдөө өчөн 6090 кожолуктандалып алынып бардыгы 7885 адам камтылды, анын ичинен 5 — 17 жашка чейинки изилдөөггө камтылган 2646 балдардын арасынан 19 гепатиттин “В” жана 9 баладан гепатиттин “С” төрө аныкталды. Изилдөөдө камтылан 5239 чоң адамдар арасынан 1841 адамдан гепатиттин “В” жана 161 адамдын арасынан гепатиттин “С” төрө аныкталып, жыйынтыктары тастыкталып, каттоого алынып, дарыланууга камтылышты
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА