"Эркин-Тоо"

Дары-дармек департаментинин жетекчиси 23-июнга чейин камакка алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 25-майдагы чечими менен Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору А.А.И. 23-июнга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКнын маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору 24-майда кармалды. Ал башка жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, дары-дармектерди тез каттап, сертификат берүү үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча алып турганы айтылды. Ошол эле учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Айнура Абалиева былтыр ноябрь айында Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин директору болуп дайындалган.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!