"Эркин-Тоо"
Пресс

Дары-дармек тармагына ырааттуу саясат

Эми калкты дары-дармек менен тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу жаатында мамлекеттик саясатты Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат.

Мындай ишкананы түзүү дары рыногуна оң таасирин тийгизет деп болжолдонууда. Дары-дармек жагын камсыз кылууда ата мекендик өндүрүшчүлөргө дагы колдоо көрсөтүлөт. Алар өз товарларын дүңүнөн сатууга кызыкдар жана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына дистрибьютордук укуктарды берүүгө даяр. Мамлекеттик медициналык мекемелерге сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын баасын төмөндөтүү өндүрүүчүлөрдөн же дистрибьюторлордон (дүңүнөн сатып алуучулардан) түз жеткирүүнүн эсебинен күтүлөт.