"Эркин-Тоо"

Дары кымбаттайт. Себеби…

Кыргызстанда дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Асел Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, өлкөдө дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга кошумча нарк салыгы киргизилген. Документке 27-августта кол коюлган, ага ылайык, мурдагы жарлык жокко чыгарылып, дары-дармектер салыктын бул түрүнө кирбейт;

КНСтин ставкасы салык салынуучу берүүлөрдүн жана салык салынуучу импорттун 12 пайызы өлчөмүндө белгиленет, -деп түшүндүрдү Асел Турдалиева. Буга байланыштуу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын баасы 12 пайызга жогорулашы күтүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!