"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Дарыгер акындын кең ааламы

Жакында кесиби боюнча врач-хирург, акын Акматбек Боробаевдин “Ак Чоку” аттуу ырлар жыйнагы “Мега Формат” басмаканасынан 30 басма табак көлөмүндөгү ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бул жыйнактын редактору акын Нурлан Калыбеков. Ал эми ырлар жыйнагынын баш сөзүн Кыргыз эл акыны Карбалас Бакиров жазган. Буга чейин акын Акматбек Боробаев “Арча жыттуу айылым”, “Ай туяк”, “Жорго саптар” жана “Жер Эне” аттуу ырлар жыйнактары менен окурмандарга таанылган.

Кесиби боюнча Акматбек Боробаев өмүр сакчысы болуп иштеп, адамдардын ден соолугу үчүн кам көрүп, алардын өмүрүн узартууга себепкер болуу менен жан дүйнөсүн ыр дүйнөсү козгоп келет. Ал өзүнүн жазган ырлары менен адамдарга жашоону сүйүүгө дем берет. Акын А.Боробаев: “Жакшы ырларды жазмайынча тура албаймын” дейт. Ооба, анын ырларын окуган адамдар кадимкидей эргүү алат. Акматбек Боробаев Аксыдан чыккан атактуу акын Молдо Багыш Сарыбай уулунун небереси.

Акын жаратылышы эң кооз Аксынын Кожожаш баатыр жердеген Авлетимдин Итагар айылынан болот. Айланасы тоолор менен курчалган айтылуу Кожожаштын аскасы, Балтыркандын карагайлары курчаган токойлору, түбөлүк муз төшөлгөн Муз-Төрү, Тоскоол-Ата көлүнө жакын (Сары-Челек көлү) айтылуу Бозбу-Ата тоосунун арасындагы айылда туулуп-өскөн акындын ыр саптарынын басымдуу көпчүлүгү туулган жерине, анын кооз жаратылышына арналган саптар болуп саналат. Алсак, анын “Сары-Челек” деген ырында:

 

Ак чоку тоолор койнунда,

Мүрөктүн суусу мөлтүрөйт.

Көлдөрдү кызга теңесек,

Сары-Челек анда Айчүрөк.

 

Кынтыксыз чырай көркөмү,

Сыйбастыр эч бир сүрөткө,

Элеси калат кетпестен,

Каректер менен жүрөктө, — деп Сары-Челек көлүнүн сулуулугун сүрөттөгөн.

Акын Акматбек Боробаев мындан башка турмушта болуп жаткан ар кандай окуяларга өз баасын берип келет. Ал ырларында коомдогу жат көрүнүштөргө да кайрылган. Мисалы, “Эки уюлу бир жердин” деген ырында: түбү бир кыргыз элинен айрымдар экиге бөлүп алып “сен кай жерликсиң, түштүктөнсүңбү же түндүктөнсүңбү” деген коомубуздагы жат көрүнүштү мындайча сүрөттөйт:

 

Бир койгондой тарс эттирип чекеңе,

Түндүк, түштүк деп бөлүшсө экиге,

Куру намыс, курмушудай курушкан,

Түү!.. Түкүрдүм эки жүздүү бетиңе.

 

Бүтүн элди бөлүп айтсаң экиге,

Сен кумалак сары майдын ичинде,

Бийлик, мансап айттырса ал сөзүңдү,

Теңелбейсиң кыргызымдын итине.

 

Кыргызымды бөлүп айтсаң экиге,

Доо кетерин билбейсиңби мекенге,

Түндүк, түштүк эки уюлу бир жердин,

Түшүндүрөм түркөйлөнгөн безерге, — деп бүгүнкү күндө “сен кай жерликсиң, түштүктөнсүңбү же түндүктөнсүңбү” деп бөлүп-жаргандарга, уруу-уруу, карыш-карыш болуп бөлүнгөн кыргыздарга жооп иретинде жызылган.

Анын “Жайлоо кечи” деген ырында:

Уйлар келет жер чийип желиндери,

Жакындаса баарысы жоошуп токтойт,

Көрүшкөндө жең түргөн келиндерди! — деп сүрөттөсө “Жайлоону эңсөө” деген ырында:

Эстедим, тоо койнунда таңды аткан,

Эстедим, казан нанды апам жапкан.

Жыңайлак көк шиберде баскым келди,

Шүүдүрүм тамчысынан мончок таккан.

 

Эстедим жайлоодогу таңды аткан,

Эстедим сүт илебин саалып жаткан.

Жарышып балдар менен кетким келди,

Айлуу түндө ак чөлмөк издеп жаткан — деп, акын окурманды жайлоолорго жетелеп, жайлоодогу балалыкты эске салат.

Айылдык акын Акматбек Боробаевдин ырлары турмуштан алынгандыктан, анда жасалмалуулук жок. Окурман анын ырларын оңой эле баамдап алат. Анын ырлары жөнөкөй элпек тил менен жазылган.

Акындын ыр саптарын окуган окурмандар анын ырларынын кыска, бирок мазмундуу терең курч ойлор камтылганына күбө болот.

 Орункул Сатыкулов