Акыркы эки апта ичинде социалдык тармактарда бейтапканаларда орун алган жаңжалдар, дарыгерлердин сабалышы, камакка алынышы боюнча бир топ маалыматтар тарады. Кыргыз коомчулугу болсо жаңжал коштолгон видеолорго лайк басып, комментарийлерди жаадырып, окуяларды кадимки көрүнүш катары кабыл алды. Анткени, бейтапканаларда орун алган чырлуу окуялар акыркы убактарда көнүмүш адатка айланган. Буга чейин 2021-жылдан бери 14 медициналык кызматкер тартипсиз жарандар тарабынан сабалганы белгилүүболгон. Бул окуялардын ар бири албетте резонанс жаратса да убакыттын өтүшүменен унутулуп, көйгөйдүжоюу маселеси эч кимди кызыктырбай келгени бар.
Бир гана медицина кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөсүБермет Барыктабасова гана дарыгерлер сабалып жатат деп кайрылуу артынан кайрылуу жасап, күйүп-бышып жүрдү. Ал көбүнчө нөөмөттө турган дарыгерлер, Тез жардам кызматынын кызматкерлери сабалып жаткандыгына арызданып, “Сабалган медицина кызматкерлери милицияга кайрылып, арызданышпайт. Себеби, мындай мамилеге көнүп калышкан” деген маалыматтарын таратканы менен маселени чечүүжолун эч ким издебеди.
Бирок, бул жолу мурдагыдай болгон жок. Дарыгерлер сабалууда деген жаңылыктар чыгаары менен Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты петиция жасап, билдирүүтаратып, жамаат Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга кайрылып, окуяларды бейтарап текшерип берүүөтүнүчүменен кайрылуу жасашты. Көп өтпөй Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев да ооруканаларда дарыгерлер сабалган окуялардан улам Ички ички иштер министрине, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына кайрылуу жазды. Ал Фейсбуктагы баракчасында дарыгерлерге кол салууга күнөөлүүдеп табылгандар жоопко тартылышы керектигин айтты:
«Дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатат. Эгерде биз ар-намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак, анда медиктерди жоготобуз. Мен Ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүүадамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келип, дарыгерлерге өткөрүп бергенден кийин сыртта жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине кирбейт» деди министр.
Ал эми дарыгерлерди сабаган тараптар да өз чындыгын айтып, бейтаптарга дарыгерлердин жасаган орой мамилесинен улам ушундай жаңжалдар чыгып жатканын айтып актанышууда. Алар өмүр сакчыларынын өз милдетин так аткарбагандыгына, кагып-силкип, жардамды өз убагында көрсөтпөгөндүгүнө нааразы болуп, далилдерди келтирип жүрүшөт. Кыскасы, бул тармакта чындыгында маселе жаралып, ишенимдин жоктугунан тараптарда ажырым пайда болгону чындык. Министр Эркин Чечейбаевдин вазийпасына медицина тармагында көп убакыттан бери орун алып келген бул көйгөйдүчечүүда кошулду сыяктанат. Ал өз билдирүүсүндө жазгандай бейтапканалардагы эрежелер сакталса, мүмкүн баары калыбына түшүп кетер. Дарыгер өз милдетин так аткарса, бейтапты коштоп келгендер да тартипти сакташса маселе чечилер. Укуктун укуругу эки тарапка тең бирдей болсо, темирдей тартип орномок беле. Министр Эркин Чечейбаевдин чыгарган эрежелери мындай жосунсуз көрүнүштөрдүжоё алар бекен?
Жазгүл Кенжетаева

