Буга чейин өлкөдө дары-дармектердин баасы көтөрүлүп кеткени боюнча маалыматтар тараган. Депутат Элдар Абакиров кымбаттоо 40 пайызды түзгөнүн айткан. Эл өкүлү министрдин жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн гана дары-дармек сатып алуу буйругу чыккандан кийин баа 40-50 пайызга көтөрүлгөнүн билдирген.
Бирок, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кыргыз фармация» ишке киргенден бери мурда ооруканаларга тендер менен алынган дарылардын баасы 200-600 пайызга арзандаганын билдирди. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде айткан.
Министрдин айтымында, бул дары-дармек чыгарган тарап менен тикелей иштешүүдөн улам болду.
«Башка менчик фармацевтикалык компаниялар алып келип, баасын өздөрү эле коюп, тендерге киргизип сатышчу. Азыр «Кыргыз фармация» өндүргөн заводдор менен келишимди өздөрү түзөт. Заводдон алынган баага жол кире, иштегендердин айлык чыгымын жабуу үчүн 5 пайыз гана кошобуз», — деген Бейшеналиев.