"Эркин-Тоо"

Дастан Бекелшев: Бишкекте олтуруп алып өзүңдүн позицияңды аныкташ оор

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан Элдик курултайга ЖК депутаты Дастан Бекешев да катышты. Ал өз сөзүндө маселени жеринен баамдап келүү үчүн келгенин белгиледи. Анын айтымында маселени жеринен барып билип, көрмөйүнчө чечим кабыл алуу оор болот.

«Бишкектен атайы келдим. Чынында Бишкекте олтуруп алып өзүңдүн позицияңды аныкташ оор, ушул жерди билбей ал жакта олтуруп алып кнопканы басуу бул туура эмес. Ошондуктан сиздерди угам деп келгем. Мен дайым эл тарапта болом», — деди Бекешев.

Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!