Акыркы кезде суунун, өзгөчө сугат суусунун тартыштыгы коомчулукта бир катар нааразычылыктарды жаратууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бугун 10 — июнда парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
«Суунун тартыштыгынан улам Бишкектеги бак-дарактар саргайып, куурап баратат. Бул көрүнүш борбордо гана эмес, айылдарда да байкалууда. Фермерлер талааларда суу жетпейт деп айтып эле келе жатышат. Мөңгүлөр эрип, суу азайып жатканы менен өкмөттө ирригация маселелерине көңүл бурган киши жок Биз ушул темп менен кете берсек, суунун айынан чоң чырга кабылышыбыз мүмкүн, андыктан өкмөт ушул боюнча жыйын өткөрүп тиешелүү тапшырмаларды берсеңиздер», — деди депутат.