Ланкастер университетинин окумуштуулары Баренц деңизине жакын сууларда жаратылышта ажыроо процессине кабылбаган, «түбөлүк химиялык заттар» деп аталган пер- жана полифторалкил бирикмелерин (PFAS) табышты.
Бул химиялык заттар өрттөн жана булгануудан коргоо касиетине ээ болгондуктан көптөгөн күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды чыгарууда колдонулат. Бирикмелердин калдыктары атмосферага ыргытылып, анан шамал жана жаан-чачындын жардамы менен дүйнөнүн бардык тарабына таркайт. Арктиканын көп жылдык муздарында топтолгон бул бирикмелер климаттын ысышынан улам ээриген муздар менен деңизге аралашып жатат. Окумуштуулар белгилегендей, бул заттар деңиз экосистемаларына чоң коркунуч туудурат. Учурда уулуу заттардын ак аюунун гормоналдык системасын бузуп, ошондой эле алардын көбөйүшүнө тийгизген терс таасири тастыкталды.