"Эркин-Тоо"

ДЕҢИЗ ЖЭЭКТЕЙ ТОСКОН АК ТАҢДАРЫМ ЭСТЕН КЕТПЕС…

Оштон Бишкекке, Стамбулга, андан ары Ослого учуп, 17 сааттын ичинде он миң чакырым жол жүрдүм. Төрт сааттан соң уулум үйбүлөсү менен Прагадан Ослого конушту. Көп өтпөй бизди чачтарач Хел Жейгер тосуп, бирге чайлаштык. Хел Жейгер 2014-жылы Бишкекте болуп, Президент Роза Отунбаеванын кабыл алуусундагы учурун сыймыктануу менен эскерип олтурду. Андан ары биз Ослодон 300 чакырым ыраактагы Түндүк деңизи менен курчалган Арендал аралчасына жол тарттык.

Катма-катар бөксө тоолорунун чокусуна дейре токой жана кабаттуу үйлөр менен түптөлгөн шаарчаларды көрүп суктанып бараттым. Бизди 60 жаш алтын той курагын белгилеп жатышкан Төрөкулдун достору Ханс менен Аннет кучак жайып тосуп алышты. Алар бизди бараарыбыз менен конок үйгө кондурушту. Өмүр өрүндөгү кубанычтарын бөлүшүүгө 30 үй-бүлө 60 адам чакырышыптыр. Арендалдын ак таңын үч түн швед столунда кызыл вино, пиво менен деңиз жээктей тоскон күндөрүм эзели эсимден кетпес.

Фермер Даниел аттарынын кылынан өз колу менен жасаган 6 түр музыкалык аспап, кыяктардын кылдарынын, муңдуу мукам обондуу ырларынын үнү жан дүйнөмө жаңы-жаңы ырахат ыроолоп турду.

“Биз,-деди мени менен аңгемелешүүсүндө – мамлекетибиздин саясатына аябай бек ишенебиз. Салыктык төлөм 30-40 пайызга чейин экендигине, көзөмөлдүн катуулугуна карабай өз өлкөбүздү, өкмөт башчыларыбызды урматтап, сүйөбүз. Айына 15- 30 миң еврого чейин айлык чегерилет. Социализмдин да жакшы жактарын алганбыз. Медициналык кызмат, мектепке балдарды окутуу акысыз жүргүзүлөт. Биз коррупциясыз мамлекетпиз”. Норвегиянын негизги кирешесине тынч жашоо, мунай, балык өндүрүү, туристтик кызмат кире тургандыгын да айтышты.

Төртүнчү суткада Ослого кайра келип тарыхый музейин, опера жана балет театрынын жалаң айнектен бүткөн имаратынын үстүнөн шаарды көрүп, анын алды жак тарабында шарпылдап толкуп жаткан деңизге чайынып, дем алдык.

Прагага учуп кайра келгенибиздин эртеси эле уулум Төрөкул Карлштейн шаарына жанаша Задин Тренан айылынын бир өңүрүндөгү эс алуу жайына чакырды. Бир танабы тоо, бир танабы жымылдап аккан дайралуу саябан жерде калемдеш, боордоштор менен эртеден кечке дейре чер жаздык.

Так ушул жерден алыс эмес Вшенориде айылында Мария Цветаева 3 жыл жашаптыр. Уулум ал айылга кез-кез келип турам деди. Айыл дөңчөсүндөгү чоң дубду айылдыктары астында көлөкөлөп олтуруп ыр жазгандыгы үчүн Мариянын дубу деп аташат экен.

Кийинки күнү Вултава (жапайы) дайрасындагы чоң кемеге түшүп, Берен неберем үчөөбүз Карл көпүрөсүнөн Мане Саф ж.б. беш көпүрө астынан айланып өттүк. Вултава жай аккандай туюлганы менен ичи иримденип оргубаргы шар, кайнап турат дешет. Эртеси тынымсыз жамгыр жааган бул күнү Праганын кичинекей аралчасында улуттар арасындагы достук фестивалынын ачылышы болду.

Прагадан 172 км түштүк-чыгыш тарабындагы Чех+Крумлов жомок шаарына келгенибизде адамзат колунан жасалган башкача балбал көрүнүшкө кабылдым. Эки дөңчөнүн келип кошулушкан жерине эбегейсиз бийик цементтелген дарбазадан кирерибиз менен таптакыр башкача аалам алдыбыздан тосуп чыкты. Чиркөөнүн асман тиреген мунарасы ошол жылдардагы шаар ээси Адольф Шварценберк генералдын үйбүлө, жакындарынын сүрөттөрү, кийим-кечелери, үй эмеректери, согуштук куралдары сакталып коюлган. Бир мунарадан экинчи мунара бийиктигине тартылган зым үстүндө тиктесең үшүндү алып дарчылар жүрөт.

Өзүм кыл калем өнөрүн бир көрүүгө арзып жүргөн, Айтматов назарына илинген Ибрагимкожо Бакиров менен ватсап аркылуу сүйлөштүм. Ал мени Бельгия борбору Брюсселге чакырды. Төрөкул уулум төрт сутка мөөнөткө барды-келди билетимди учакка даярдап берди. Үч уктасам түшүмө кирбеген мындай сый-урматы үчүн уулума чексиз ыраазычылыгымды айтып, Брюсселге учтум. Мени аэропорттон Ибрагимкожо кучак жайып тосуп алды. Амандашып, чайлашып алган соң мени шаардын тарыхый имараттары менен тааныштырып олтуруп Сүрөт академиясына алып келди.

Эртеси эртең менен адабият аалам алпы Айтматовдун көп жыл кызмат өтөгөн кыргыз элчилигине жөнөдүк. Айтматовдун үй-музейи менен тааныштык. Уулум Төрөкул берип жиберген чех тилиндеги залкардын чыгармалар жыйнагын, өзүмдүн китептеримди музейге тапшырып, эстелик китебине Айтматов креслосуна олтуруп кол тамга калтырдым. Бул менин өмүрүмдөгү эң эсте каларлык сыймыктуу ирмемдерим бойдон кала бермекчи.

Кийинки күнү шаардын чок ортолой жерине тургузулган Пушкиндин эстелигине барып зыярат кылдык. Брюссель көчөлөрүндө эки велосипед менен Ибрагимкожо экөөбүз эки күн кыйла жерди кыдырдык. Үч Сүрөт академиясында, көп иш-чара өткөрүлүүчү Турдо такси борборунда, шаар паркында болдук.

Абдилат ДООРОВ
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!