"Эркин-Тоо"

Дем алышта Бишкек – Ысык-Көл унаа жолуна кошумча посттор коюлат

Дем алыш күндөрү Бишкек – Ысык-Көл багыты боюнча унаа жолуна кошумча посттор коюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

ЖКККББдан билдиришкендей, дем алыш күндөрү Бишкек — Чолпон-Ата багыты боюнча авто унаалардын агымы көп болгондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында башкармалыктын борбордук аппаратынан тартып, Ысык-Көл жана Чүй облусунун кызматкерлери күчөтүлөн тартипте кызмат өтөшөт.

Кечкисин Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына кайтып келе жаткан унаалардын жол тыгындарын алдын алуу үчүн, кызматкерлер көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!