"Эркин-Тоо"
№108 2022-жылдын 9-декабры

ДЕМИЛГЕ КОЛДОО ТАПТЫ

БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын дагы бир демилгесин колдоду. Кыргызстан өзүнүн тынчтык, ядролук куралсыздануу жана массалык кыргынга учуратчу куралдарды жайылтууну токтотуу маселелерин жактай тургандыгы боюнча бекем позициясын карманып, 5-мартты – куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча маалымдуулуктун эл аралык күнү деп жарыялоо демилгеси менен чыккан. 7-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын демилгесин бир добуштан колдоп, резолюция кабыл алды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты. Албетте, дүйнө геосаясий конфронтациянын катуу кризисин баштан кечирип жаткан азыркы кезде, бул демилге өтө маанилүү жана актуалдуу экендигинде кеп жок.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры