"Эркин-Тоо"

Демократия деген ураандын артында саясий соода бар

АКШдагы өзгөрүүлөргө, силкинүүлөргө дүйнө коомчулугунун назары бурулуп, Дональд Трамптын саясий кадамдары чар тарапта талкууга алынууда. Илон Маск сындуу жандоочторунун жүрүшүнө жараша геосаясий алкактагы көп нерселер өзгөрчүдөй, көйгөйлүү маселелер чечилчүдөй жагдайлар жарала баштады. Алардын арасында орус-украин, палестин-израил согуштарынын дагы тагдыры чечилип калышы ыктымал болууда. Айтор, чоң кызыктар башталчудай болуп турат. Биз аларды тыкыр иликтеп, окуялардан жыйынтык чыгарып, адашпагандай болуп турушубуз керек.

“Азаттык” жабылабы?

“Биз АКШны кайрадан күчтүү жана бай кылабыз” деген чакырык менен шайлоого аттанып, жеңишке жеткен Дональд Трамп реформаларды жасай турган ишенимдүү адамдарын бийликке топтоду. Алардын бири Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск болууда. Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча министрликке дайындалган күндөн тартып ашыкча чыгымдарды кыскартуунун үстүндө иштеп жатат. Анын жыйынтыгы болуп, чечкиндүү кадамдар жемишин бере баштаганын жакында белгилеп, АКШ күн сайын 1 млрд доллардан үнөмдөй баштаганын айтты. Анын чындыгы бар окшойт, жылына 50 млрд доллардан ашык каражатты асманга сапырган ЮСАИД деген уюмду жапты. Көрсө, алар «Аль-Каида» менен байланыштуу сириялык согушкерлерди гана колдобостон, чет мамлекеттерде трансгендерлер укугуна байланышкан долбоорлорду каржылаган экен. Мындан улам Илон Маск кылмыштуу уюм деп атап, “Аларды жок кылууга убакыт келди» деп жазды. Чындыгында эле Америка элинин акчасы мындай нерселерге чачылып жатканы туура эмес.

Биздин тил менен айтканда, мамлекеттик масштабдагы ысырапкорлукка каршы күрөштү баштаган Илон Маск жылына 1 млрд долларды кемирип жаткан “Азаттык” радиосун жапканы жатат. Пикирин кыска гана билдирип, “Ооба, жабыңыздар. Буларды эч ким укпайт” деп жазды. Негизи “Азаттык” радиосу баштапкы милдетин өтөй албай, калыстыктан тайып, чындыкты бурмалап, жалаң жамандык издөө менен шугулданып калганы айтылып келген. Биздегиси жемкорлукка батып, үй-бүлөлүк кландардын сазына батып калганы бир нече ирет белгиленген. Бирок, эч бир чара көрүлгөн эмес.

Бул боюнча Президент Садыр Жапаровдун дагы айтканы бар. Өткөн жылдагы Элдик курултайда “Азаттык” жана башка бир катар ЖМКлар америкалык ар кыл фонддор тарабынан канча суммага каржыланарын белгилеп, АКШнын Мамлекеттик департаментинин жетекчилигине кайрылганын билебиз. “Эгер акча каражаттарды кайда жумшай турганыңарды билбей жатсаңыздар, бизге, мамлекетке түз эле берсеңиздер, биз демократияны да, адам укугун да жогорку деңгээлде камсыздап беребиз” деген эле. Ошол сунуш аткарыла баштады десек болчудай. Дональд Трамп ЮСАИДдин ишин токтотуп, Илон Маск “Азаттык” радиосун жабууга киришти. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул боюнча өткөн жумада маек берип, ашыкча чыгымды токтотууну көздөгөн Трамп менен Масктын чечимдерин колдошубуз керектигин билдирди.

“Дональд Трамп менен Илон Маск экөө менин демилгеме муктаж адамдар эмес. Экөө тең миллиардерлер. Акча асмандан жаабасын жакшы билишет. Америкалыктардын акчасын туш келди сапыра беришти токтотолу деп жатышпайбы. Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени, эшикте XXI кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт. Илгерки заман жок. Ал заман эскирди. “Азаттыкты” илгери, мындан 20-30 жыл мурун элдин баары күтүп укчу, ишенчү. Себеби, ал мезгилде интернет мынчалык өнүккөн эмес, смартфон деген жок болчу. Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат” деди Президент.

Өлкө жетекчиси өз сөзүндө “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратып жүргөнүн баса белгилеп берди. Буга чейин болуп келгендей, жалган маалымат таратканы үчүн алар кечирим сурап гана кутулуп кетип жүрүшөт. Эгер кимдир бирөө сотко берсе, “Бизде сөз эркиндиги өлдү” деп бүткүл дүйнөгө жар салып чыгышат. Мунун өзү туура эмес. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигине жатпайт. Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек.

Жеринен да, кен байлыгынан да айрылганы турат

Ар бирибиз акыл калчап, аң-сезим менен анализ жүргүзө турган учурда турабыз. Анткени, геосаясий тирештин алкагындагы дүйнө өтө опурталдуу болууда. Дегенибиз, сырттан каржыланган уюмдардын тилине кирип, адам укугу, сөз эркиндиги жана демократия деген жалган ураандардын курмандыгына айланып калбашыбыз керек. Бүгүнкү Украина буга анык мисал болууда. Өлкөнүн ичине кирип алган жык-жыйма бейөкмөт уюмдардын жалган чакырыктарына ишенип, өлкөдө от тутантып алды. Батыштагы ниети бузуктардын азгырыгына кирген украин президенти Зеленский “төшү түктүү” Россия менен тирешип, аягы согушка айланды. Үч жылга аяк баскан согушта шаарлары жер менен жексен болуп, жүз миңдеген жарандарынан айрылды. Бир далай жерин тарттырып жиберди. Эми кен байлыктарынан дагы кол жууганы турат. АКШ Президенти Дональд Трамп Украинага берген карызынын жалпы суммасы 500 миллиард доллардан ашканын айтып, ушул суммага тете сейрек кездешүүчү металлдарды талап кылды. Көп күттүрбөй Зеленский макулдугун берди.

Бул эмне деген кыянатчылык деп көпчүлүгү ишенер-ишенбесин билбей турушат. Ошондо, демократия деген ураан жөн гана куру сөз болуп, украиналыктар бардык жактан утулуп калдыбы? Жеринен да айрылса, элинен да айрылса, эми аягында келип кен байлыгынан да айрылса – мунун өзү адилетсиздик да. Анда эмне үчүн жөнөкөй ураиндер кырчылдашып согушуп, кан төгүштү деген суроо жоопсуз турат. Албетте, мындан биз сабак алып, адашпай тургандай болушубуз керек. Орустар айтмакчы, “бекер быштак капканда гана болот”. Демократия деген ураандардын артында саясий кызыкчылыктар бар экенин билишибиз керек. Буга чейин баары көшөгөнүн артында чечилип келгендиктен, көпчүлүк билген эмес. Трамп анын бетин ачып, сооданы ачыкка чыгарып койду. Бизде дагы демократия деп азан чакырымыш эткендер эртең бийликке келип калса, кен байлыкты кертип-кертип берерин түшүнүшүбүз шарт. Эң жаманы — Украинадай кылып орустар менен каршылаштырып, кыргын-сүргүнгө чейин алып барышы мүмкүн. Жалган ураандарды мээлерине сиңирип алгандар өздөрүнүн идеясын ишке ашырыш үчүн кан төккөндөн дагы кайра тартышпайт. Аны Украинанын мисалынан көрүп жатабыз.

Өткөн жылдын этегинде өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодогу социнтерндин кылыгын көрдүк. Алар шайлоодо олчойгон каражаттарды бергенин Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун сүйлөшүүсүндө ачыкка чыгып отурат. Саясатта сырттан келген акча жөн гана жардам катары берилбейт. Ар дайым анын ордуна бир нерсе талап кылынат – бул экономикалык кызыкчылыктар, саясий таасир же өлкөнүн ички ишине кийлигишүү. Муну баарыбыз билебиз. Эгерде укук коргоо органдары өз убагында чара көрбөгөндө, Батыштан келген акчалардын арты менен тополоң чыкмак. Өлкөдө баш аламандык өкүм сүрмөк. Кыргызстандагы тополоң аркылуу Россияга сес көрсөтүшмөк. Алардын максаты айдан ачык, бирок биз ага жол бербешибиз керек. Жалган ураандарды ээрчип, өз өлкөбүздүн талкаланышына шарт түзбөйлү. Демократия, сөз эркиндиги, адам укугу дегендин артында соода бар. Аны бүгүн түшүнбөсөк, эртең кеч болот.

                                                                                               Кылычбек  Кудайбергенов

Пример HTML-страницы