Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жайкы лагерге майыптыгы бар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 240 баланы «Жалын» жайкы лагерине жөнөттү. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө майыптыгы бар балдар, багып алган үй-бүлөдө жашаган, тоголок жетимдер жана камкордукка, көзөмөлдүккө алынган балдар, ошондой эле интернаттардын тарбиялануучулары жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ден соолуктарын чыңдашат.
Министрликтен билдиришкендей, жалпысынан үч агым уюштурулуп, лагерде 550дөн ашык бала эс ала тургандыгы пландалууда.
Белгилей кетсек, балдардын жайкы эс алуусу президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен уюштурулган.