"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Денис Петрашов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Ал 100 метрге брасс стилинде сүзүү боюнча 27-июлда өткөн жарышка катышып, алгачкы этапта 8-орунду, жарым финалда 6-орунду ээледи.

Бул мелдешке жалпысынан 76 спортчу катышты. Финалдык бөлүк бүгүн, 28-июлда, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө өтөт.

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыккан Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы спортчу болду.

Спросить ChatGPT