"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Денис Петрашов дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Сингапурда өткөн дүйнө чемпионатында  коло медалга ээ болду. Ал 100 метрди брасс ыкмасы менен 58,88 секундда сүзүп өттү.

Бул ийгилиги менен Петрашов дүйнө чемпионатында рекорд жараткан алгачкы кыргызстандык сууда сүзүүчү болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев спортчуну телефон аркылуу куттуктап, бул жеңиштин бүтүндөй эл үчүн чоң сыймык экендигин белгиледи. Ошондой эле ал спортчунун ийгилигинде машыктыруучулардын жана устаттардын эмгеги зор экендигин айтып, ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго чың ден соолук, иштерине ийгилик каалады.