"Эркин-Тоо"

Денис Петрашов Париж Олимпиадасына биринчи  болуп катышат

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Франциянын Париж шаарына Олимпиада оюндарына катышууга барды. Петрашов кыргызстандык спортчулардын ичинен биринчи болуп мелдешке катышат. Ал 27-июлда 100 метрге брасс менен сүзөт. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.