"Эркин-Тоо"

Депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.

Ошону менен бирге, Мыйзамда көзөмөл жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып, кепилдик учур келерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө.

Мындан тышкары Мыйзамда башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө карата кошумча квалификациялык талаптарды жана аткаруу органынын мүчөлөрүн дайындоонун чектик мөөнөтү каралган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!