Депутат Акылбек Түмөнбаев: Малчыларды кармап, камап турган фактылар бар

“Айтылуу Каркыра жайлоосу кыргыз элинин энчисиндеги баалуу жер эле. Ал Көкөтөйдүн ашы өткөн тарыхый аймак катары эле эмес, мал киндиктүү элибиздин чарбачылыгына да ыңгайлашкан жер. Аталган Түп районунун бир топ айылдарындагы элдин малы жайлоодо асыралып, чек арада чиеленген маселелер болуп келген. Малчыларды кармап, камап турган фактылар бар. Бирок, аны чечүү жолдору татаалдашкан эмес. Бул эки тараптын өз ара түшүнүүчүлүгү менен теске салынган иш. Азыркы мен айтып жаткан Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосунун № 3, 4 -фермаларындагы малчылар кабылган абал элчиликтин, тиешелүү укук коргоо органдарынын иликтөөсү менен жакшы жагына чечилет, — деген жоопту күтүп турабыз. Негизгиси, ынтымак ыдырабасын”, — деди эл өкүлү Парламент» радиосуна берген маегинде.

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст