"Эркин-Тоо"

Депутат Эмил Жамгырчиев жаңы министрлик түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев Спорт министрлигин түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өткөн аптада вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев баштаган депутаттар министрлик түзүү маселесин карап, чечим парламент төрагасынын кароосуна жиберилген.

«1950-жылдардан бери өлкөбүздө спортту өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбай келет. Ал жерде ведомстволор, комитеттер бар болчу. Азыр Маданият министрлигинин беш багыты бар, анын ичинде саясат, спорт тармагы дагы бар. Бардыгын бир алып кетүүгө алар физикалык жактан жетишпейт», — деди Жамгырчиев.

Анын айтымында, Кыргызстанда 100дөн ашык спорт федерациялары бар, алардын 60%ы такыр иштебей, жыл сайын бюджеттен каражат алып турат. Калган 40% акча издеп өздөрүн өнүктүрүшөт.

«Балким, эмне үчүн бизге өзүнчө министрлик керек деп сурасаңыз керек. Чындыгында биздин желегибиз чет өлкөдө эки учурда желбирейт.  Биринчи — президент башка өлкөгө барганда, экинчи — спортчулар медаль утуп алганда. Биз спортчуларга таазим кылып, колдоо көрсөтүшүбүз керек», — деди депутат.

Ал кошумчалагандай, коңшу мамлекеттерде машыктыруучулардын айлыгы 3-5 миң долларга жетет, бизде болгону 6 миң сом.

«Бул каражат эмнеге жетет? Эгерде спортчу жыйынтык көрсөтпөсө, алар бул акчадан ажыратылат», — деп белгиледи Жамгырчиев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!