"Эркин-Тоо"

Депутат Эмилбек Жусупов мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин “Ишеним” парламенттик фракциясынан депутат Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындай чечим 22-апрелде Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан Эмилбек Жусуповдун жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Анын ордуна БШК “Алыш” улуттук бел боо күрөшү федерациясынын вице-президенти Советбек Рустамбек уулун депутат катары каттады.