"Эркин-Тоо"

Депутат комиссия түзүп Кемпир-Абадга барууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова кыргыз-өзбек чек арасынын келишими боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.
Эл өкүлү келишимди ратификациялоого чейин маселени так-даана билип алуу керек деп эсептейт.
«Кемпир-Абад боюнча кайчы пикирлер көп болуп жатат. Менин оюмча, мамлекет тарабынан маалымат каражаттары элге түшүндүрүү иштерин катуу жүргүзсө же депутаттык комиссия түзүп жерине барып келсек. Себеби парламентте деле жарымы колдоп, жарымы каршы чыгып жатат. Өз көзүбүз менен көргөндөн кийин гана элге түшүндүрүү иштери боюнча жардам берсек», — деди Мажитова.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өткөн.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!