"Эркин-Тоо"

Депутат окуучулар баңгизатын кантип сатып алып жатканын айтты — ВИДЕО

Өлкөдөгү дарыканалар мектеп окуучуларына көз карандылыкты пайда кылган дарыларды сатышууда. Бул тууралуу депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Көптөгөн жабыркаган жаш балдардын ата-энелери кайрылды. Бүгүнкү күндө өзгөчө Бишкекте жаш балдарыбыз баңгизаты менен алектенет экен. Дарыканаларда атайын дарылар сатылат экен. Алар башка ооруга жумшалат, бирок кайсы бир деңгээлде ал дарыларды колдонсо баңгизаттын таасириндей эле болот экен.

Эми кайсы дарылар экенин айтпай эле коёюн, биздин дарыканалар рецепти жок эле ошол дарыларды мектеп окуучуларына сатат экен. Болгондо дагы кечинде ошол дарылардын баасын кымбаттатып сатат экен», — деди Алиев.

Депутат ошондой эле бул көрүнүштү көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!