"Эркин-Тоо"

Депутат: Сотмедэкспертиза борборлорунда коррупция гүлдөп жатат

Медициналык-социалдык экспертиза борборлорунда коррупция гүлдөп жатат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул системада дени сак адамдарга майыптык берилген учурларды кездештирүүгө болот.

«Система бузулган. Бул борборлорго ким баш ийе турганын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлиги чечиши керек. Бул системада өтө чоң коррупция бар», — деди ал.

Эмгек жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кыргызстанда 28 медициналык-социалдык экспертиза борбору бар. Анын айтымында, өлкөдө 202 миң майып адам бар.

«Борборлордо 198 кызматкер иштейт, алардын 98и дарыгерлер», — деди министр.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!