Эл өкүлү Акылбек Түмөнбаев мындан ары Көк бөрү федерациясына башчылык кылмай болду. Мындай чечим федерациянын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана улакчылар тарабынан кабыл алынган. Кызыгы, федерациянын мурунку президенти Талас Бегалиев 16-февралдагы съездди тааныбай тургандыгын, айдын аягында мыйзамдуу жыйын өткөрүп, отчёт берерин шардана кылууда. Ошондо кимисине ишенебиз ыя? А биз мындай шартта эки тарапка тең микрофон сунганга даярбыз. Ар ким өзүнүн кебин коомчулук алдында ачык айтууга акылуу эмеспи.