"Эркин-Тоо"

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Кыргызстанда убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады.

Ага ылайык, эл өкүлү убакытты жылдыруу боюнча сунушту карап чыгуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

«Элдин ден соолугу үчүн убакытты карап чыгууну сунуштайм. Себеби айыл жеринде балдар бала бакчага же мектепке таң эрте барарда жолбун иттерге таланган учурларды угуп жүрөбүз. Балдар өтө эрте турганда саламаттыгына да терс таасири тиет деген адистердин аныктамалары бар. Ошондуктан Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдыруу сунушун карап чыгууну өтүнөм» , — деди депутат Миргүл Темирбаева.

Эл өкүлү белгилегендей, Кыргызстан акыркы жолу саатты 2005-жылы алдыга жылдырган, андан бери өзгөргөн эмес.